• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Антон Землянухин “Атырау” клубуна өттү

Спорт 0

Бишкек, 21.02 18. /Тумара Туратбекова - Кабар/. Кыргызстандык футболчу Антон Землянухин Казакстандын “Атырау” футбол клубунун оюнчусу болду. Бул тууралуу аталган клубдун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жаңы курамада Землянухин 7 номерде ойнойт.

КР курамасынын жарым коргоочусу “Атырауга” өткөнгө чейин Россиянын “СКА-Хабаровск” командасында ойногон.

Эске сала кетсек, Землянухин КР улуттук курамасында 20 оюнга катышып, тогуз жолу атаандаштардын дарбазасына гол киргизген.

Пикир

Оставить комментарий