• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Антонина Шевченко дүйнө чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 1-май /Кабар/. Кыргызстандын тай боксу боюнча Федерациясынын спортчусу Антонина Шевченко Бейрут (Ливан) шаарындагы титулдук мушташта жеңип чыкты. Бул тууралуу КР “муайтай” тай боксу Федерациясынан билдиришти.

Бул беттеште Phoenix Fighting Championship биринчилигинин жана World Muaythai Championship чемпионунун курлары ойнотулду.

Мушташ 29-апрелде өтүп, Антонина Швециялык спортчу 2016-жылдагы тай боксу боюнча IFMA чемпион Иса Тидблад Кескикангас (Isa Tidblad Keskikangas) менен беттешти.

https://www.facebook.com/ArabsMMA/videos/1159883717474362/?hc_ref=PAGES_TIMELINE

Антонина мыкты техника көрсөттү. Жыйынтыгында, калыстардын бир добушу менен беш раунддун жыйынтыгы боюнча жеңишке жетишти. Ошентип, Антонина Шевченко Phoenix Fighting Championship чемпиону жана World Muaythai Championship чемпиону титулдарына ээ болду.

Пикир

Оставить комментарий