• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Антонина Шевченко: Кыргызстанда мушкерлердин мыкты мууну өсүп келе жатат

Спорт 0

Бишкек, 09.01.18. /Антон Кубицкий - Кабар/. Кыргызстанда мушкерлердин мыкты мууну өсүп келе жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине берген маегинде белгилүү спортчу, жекеме-жеке урушуу боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону, бир катар мелдештердин жеңүүчүсү Антонина Шевченко билдирди.

Маектин жүрүшүндө ал 2017-жылдын жыйынтыгын чыгарып, алдыдагы жылга карата пландары менен бөлүштү. Анын ичинде Шевченко билдиргендей, 2017-жыл спорт жаатында абдан натыйжалуу болгон. Шевченко бардык титулдук мушташтарда жеңишке жетип, дүйнөнүн абсолюттук чемпиону наамын тастыктады.

Ал эми 2018-жылга карата пландары тууралуу айтып жатып, ал болжол менен ушул жылдын март айында АКШда өтө турган титулдук беттешке катышуу үчүн тастыктаманы күтүп жаткандыгын билдирди.

Антонина Шевченко күч-кубатка толуп турган кези. Анын жеке айтымында, ал “ар бир спортчунуку сыяктуу, өзүнүн кыска, бирок өзөктүү спорттук карьерасында мыкты жыйынтык көрсөтүүгө” умтулууда.

Шевченконун айтымында, “башкысы карьеранын эрте бүтүшүнө алып келе турган олуттуу жаракат алуудан качуу керек”.

Ошондой эле, ал өлкөбүздө ар кандай түрдөгү мушкерлердин мыкты мууну өсүп келе жаткандыгын айтып, өзгөчө Кыргызстандын тай боксу боюнча курамасын белгиледи (муай-тай).

Пикир

Оставить комментарий