• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Антонина Шевченконун UFC мелдешиндеги кийинки беттеши август айында өтөт

Спорт 0

Бишкек, 26.06.19. /Кабар/. Кыргызстандык мушкер Антонина Шевченконун UFC мелдешиндеги кийинки беттеши август айында өтөт.

Беттеш 3-август күнү Нью-Жерси штатынын Ньюарк шаарында болуп өтөт.

Анда ал чехиялык мушкер Люси Пудилова менен беттешет.

Белгилей кетсек, август айында UFC чемпиону Валентина Шевченко менен дагы бир кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиевдин UFC мелдешинин алкагында таймаштары болот. 10-августта Валентина Шевченко чемпиондук курун коргосо, 11-августта Физиев UFC'деги экинчи беттешин өткөрөт. Алардын беттеши Уругвайдын Монтевидео шаарында болуп өтөт.

Пикир

Оставить комментарий