• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Анвар Абдраев: Экономикалык форумдун алкагында талкууланчу маселелер көп

ЕАЭБ 0


Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. Бишкекте эртеңки Евразиялык экономикалык форумунда көп тармактуу маселелер талкууланат деп күтүлүүдө. Мындай пикирин Кыргызстандын банктар бирикмесинин төрагасы Анвар Абдраев билдирди.

Белгилей кетсек, эртең, 26-майда Бишкек шаарында Евразиялык экономикалык форум өтөт.

Форумдун башкы темасы – “Дүйнөлүк өзгөрүүлөрдүн доорундагы евразиялык экономикалык интеграция. Инвестициялык активдүүлүктүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү. Өзгөрүүлөр жана глобалдык толкундоо доорунда евразиялык интеграция экономикалык өсүш жана өнүгүү үчүн ийгиликтүү пайдубал түзөт. Белгиленген экономикалык форум муну дагы бир жолу көрсөтүшү керек.

Пикир

Оставить комментарий