• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Анжелина Жоли тасмасын Азия тасмаларынын фестивалында сунуштады

Маданият 0


Бишкек, 01.11.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Лос-Анжелестеги Эл аралык азия тасмаларынын фестивалында Анжелина Жолинин “Алар алгач атамды өлтүрүшкөн” тасмасы көрсөтүлдү. Бул тууралуу kyrgyz cinema билдирди.

Маалымдалгандай, тасмада Камбоджалык Лунг Анг аттуу кыз тууралуу айтылат. Ал Камбоджанын калкынын төрттөн бир бөлүгүн жок кылуу учурунда жашоо үчүн күрөшкөн.

Сценарийдин автору кийин укук коргоочу болгон Лунг Анг өзү жана Анжелина Жоли. Продюсери – Камбоджалык режиссер Рити Панх. Анын айтымында, бул тасманын көргөн көптөгөн көрүүчүлөр көздөрүнө жаш алышкан.

Белгилей кетсек, тасма “Оскар-2018” сыйлыгына “Чет тилдеги мыкты тасма” номинациясында көрсөтүлгөн.

Азия тасмаларынын фестивалынын негиздөөчүсү жана түптөөчүсү “Курманжан Датка” тасмасынын режиссеру Садык Шер Нияз.

Пикир

Оставить комментарий