• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Анжиян жана Ферганада мамкызматкерлер үйлөрдү ремонттоого милдеттендирилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.07.19. /Кабар/. Анжиян облусунун Асака районун башчысы мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерине президент өтө турган жолдун жээгинде жайгашкан үйлөрдү ремонттоого буйрук берди.

25-июлда өткөн жыйында Асака районунун башчысы Эркин Якубов он күндүк ишмебилик жарыялап, шаардык жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилерин президент Шавкат Мирзиёевдин сапарына даярдык көрүүгө чакырды.

Жыйындын катышуучуларынын бири билдиргендей, мекеме-ишканалардын жетекчилери ондон үйдү ремонттоого – чатырларын сырдоого, дубалдарды актоого милдеттендирилди. Эч ким каяша айта алган жок.

Асака районундук мамлекеттик мекемелердин биринин жетекчисинин айтымында, ал район жетекчисинин буйругун аткаруу үчүн кол алдындагыларды мажбурлап иштетүүгө аргасыз болууда:

– Кеминде он үйдүн сыртын иретке келтирүү үчүн кызматкерлеримди он күн мажбурлап иштетүүгө жана ремонт үчүн бери дегенде эки миллион сум (230 доллар) табууга аргасызмын.

Фергана облусунун Учкуприк районунда да президенттин сапарына карата бюджеттик мекемелердин кызматкерлери күндүн ысыгында жергиликтүү тургундардын чатырларын сырдашты. Жумушчулар арзан сырлар 40 градус аптапта болгону эки күн чыдай турганын, андан кийин сыйрылып түшөрүн айтышууда.

Пикир

Оставить комментарий