• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Анжиян зоопаркында арстан тамак берүү үчүн торго кирген адамды талап салды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.01.19. /Кабар/. Анжиян зоопаркында арстан тамак берүү үчүн торго кирген адамды талап салды.

Зоопарк кызматкерлеринин биринин айтымында, окуя 28-декабрда болгон.

– Арстан кызматкер тамак берүү үчүн киргенде талап салды. Бизде ал ачка болушу мүмкүн деп божомолдоп жатабыз», — деди ал.

Бул маалыматты Анжиян шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкери ырастап, бирок окуянын чоо-жайы тууралуу айтып берүүдөн баш тартты.

Чоңдугу жагынан Өзбекстандагы экинчи зоопарк эсептелген Анжияндагы зоопарк 2016-жылы ачылган. Учурда анда 50дөн ашык жаныбар кармалууда.

Буга чейин Өзбекстан зоопарктарында жаныбарлар адамдарга кол салган учурлар болгон эмес.

Пикир

Оставить комментарий