• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Анжиянда көп кабаттуу үйдө газ жарылып, үч киши жабыркады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.12.20. /Кабар/. 9-декбарда Өзбекстандын Анжиян шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде газ жарылып, өрт чыкты.

Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, батирде газ толуп калган, үйдүн жашоочусу жарыкты күйгүзгөндө жарылуу болгон.

Анжиян облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы кырсыктан улам үч киши ооруканага түшкөнүн, курмандык жок экенин билдирди.

Жарылуудан улам башка батирлер да зыянга учураган. Куткаруучулар өрттү 16 мүнөттө өчүрүштү.

Ушул тапта жабыр тарткан жашоочулар убактылуу үй менен камсыздалды, жергиликтүү бийлик батирлерди бир аптада ремонттоп берет. Бул үчүн беш курулуш бригадасы ишти баштады.

Маалыматка караганда, газ куурунда басым төмөндөп кеткендиктен, үйдүн ээси бензонасос колдонгон. Насос резина шланг аркылуу туташтырылган. Резина түтүктөн газ чыгып, электр жарыгын күйүзгөн учурда жарылуу болгон.

Пикир

Оставить комментарий