• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Анжиянда Мирзиёевдин келишине карата көчөдөгү гүлдөрдү сугарып жүргөн үч аялды унаа сүзүп кетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 17.05.19 /Кабар/. 16-майда Анжиян облусунун Асака районунда Cobalt үлгүсүндөгү унаа жол жээгиндеги гүлдөрдү сугарып жаткан үч жашоочуну сүзүп кетти. Эки аял окуя болгон жерде, үчүнчүсү ооруканада каза тапты.

Аларды сүзгөн айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Ага издөө жарыяланды.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 16-майда Анжиян облусуна келген. Бул күнү эртең менен Асака райондук жашылдандыруу жана көрктөндүрүү мекемесинин кызматкерлери жана бир нече маале тургундары президенттик кортеж өтөт делген жолдорду тазалап жүрүшкөн. Маркумдар да алардын арасында болгон.

Асака райондук жашылдандыруу жана көрктөндүрүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин бири унаа сүзүп кеткен аялдар мекеменин кызматкерлери эмес экенин билдирди. Бирок Өзбекстандын Башкы прокуратурасы өлгөн аялдар ашардын катышуучулары эмес, жашылдандыруу мекемесинин кызматкерлери болгонун ырастады.

Пикир

Оставить комментарий