• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Апамды издейм” тасмасы Казакстандын улуттук “Тулпар” кино сыйлыгына татыды

Маданият 0

Бишкек, 25.09.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. “Апамды издейм” тасмасы Казакстандын улуттук “ Тулпар” кино сыйлыгында “Мыкты чет элдик тасма” сыйлыгына татыды. Маданий иш чара 22-сентябрда өткөн. Бул тууралуу kyrgyzcinema.com расмий сайтында маалымдалат.

Бул жылы уюштуруучулар сынактын масштабын кеңейтүү максатында "Эң мыкты чет элдик тасма" номинациясын киргизишкен. Ага байланыштуу түрк тилдүү тасмалар да көрсөтүлгөн.

“Мыкты чет элдик тасма” номинациясында төмөнкү тасмалар көрсөтүлгөн:

- “Апамды издейм” (Кыргыз өлкөсү, режиссёру Руслан Акун, продюсер Нурбек Айбашов);

- “Мушкилкушо”/ “Жеңип чыгуу” (Тажикстан, режиссёру Умедшо Мирзоширинов, продюсери: Светлана Джумаева жана Махмадрахим Каримов);

- “Көк велосипед”/ “Mavi Bisiklet” (Түркия, режиссёру Умит Керекен, продюсери Нурсен Четин Керекен);

- “Шамалга ойногон от” (Якутия, режиссёру Дмитрий Давыдов, продюсери Сардана Савин).

Пикир

Оставить комментарий