• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Апамды издеп” фильми "Одноклассникиде" көрсөтүлөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Кыргызстандык режиссер Руслан Акундун “Салам, Нью-Йорк” жана “Апамды издеп” фильмдери "Одноклассники" социалдык тармагы аркылуу онлайн көрүүгө акысыз чыгарылат. Биринчи фильмди күйөрмандар быйыл көрө алышса, экинчиси 2018-жылы чыгарылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” "Одноклассники" сайтынын КМШ өлкөлөр менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери Елдос Кулумбетов билдирди. "Одноклассники" сайтынын коммуникация боюнча директору Анастасия Жбанованын ырасташынча:

-“Апамды издеп” фильми биринчи жолу онлайн "Одноклассники" сайты аркылуу көрсөтүлөрүнө биз кубанычтабыз. Бул фильмге кызыгуу биздин колдонуучулар арасында аябай чоң. Трейлер 2,4 миллион жолу көрүлүп, 24 миң жактырууга ээ болгон”.

"Одноклассники" — Орусия жана КМШ өлкөлөрү боюнча 73 миллиондон ашууy колдонуучулары бар социалдык тармак. Айына бул сайтты Кыргызстандан 1,4 миллион адам колдонот.(LzT)

Булак: "Азаттык"

Пикир

Оставить комментарий