• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Апамды издеп» тасмасы Россияда көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 17-апрель /Кабар/. 17-апрелден 21-апрелге чейин режиссер Руслан Акундун “Апамды издеп” жаңы тасмасы Москвада көрсөтүлөт. Бул тууралуу долбоорду уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка ылайык, Россиянын борборунда көптөгөн көрүүчүлөр тасманын бет ачарын күтүп жатышат. “17-18-19-апрелге билеттерди мындан бир нече күн мурда эле алып коюшкан”,-дейт уюштуруучулардын бири.

Эскерте кетсек, 9-февралдан тарта аталган тасма Кыргызстан жана Казакстандын кинотеатрларында көрсөтүлө баштаган.

Башкы каармандар: Азамат Уланов, Тауекел Мусилим, Майкл Мапонго, Жеңиш Майрамбек уулу жана башкалар.

“Апамды издеп” – мыкты үй-бүлөлүк тасма, ал апасын издеп Америка Кошмо Штаттарына жөнөгөн жетим бала Азамат тууралуу баяндайт. Азамат – зээндүү бала, анын эс тутуму жакшы өөрчүгөн, ал катаал маалыматтарды дагы эсине сактап кала алат. Бирок, маселе Азамат ушундай жөндөмдүүлүккө ээ болуп туруп, өзүнүн апасынын жүзүн эстей албагандыгында. Лос-Анжелеске келген Азамат капыстан Даниярды жолуктуруп калат. Алдыда каармандарды кызыктуу окуялар күтүп турат.

Пикир

Оставить комментарий