• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Апас Жумагулов менен Медеткан Шеримкуловго "Кыргыз Республикасынын баатыры" наамы ыйгарылды

Президент 0

Бишкек, 01.09.22./Кабар/. Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен "Кыргыз Республикасынын баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы мамлекеттик ишмер Апас Жумагуловго ыйгарылды.

Ошондой эле мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен "Кыргыз Республикасынын баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы мамлекеттик ишмер, Түрк мамлекеттеринин уюмунун акскалдар кеңешинин мүчөсү Медеткан Шеримкуловго ыйгарылды.

Тийиштүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койду.

Пикир

Оставить комментарий