• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Апасы мас болгон. Караколдо милиция тоңуп көчөдө жүргөн балага жардам берди

Аймак 0

Бишкек, 13.01.22. /Кабар/. Апасы мас болуп тышта жатып калган, ал эми баласы көчөдө тоңуп жүргөн жеринен милиция кызматкерлери тарабынан табылып, жардам көрсөтүлдү. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициясынын басма-сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милицияны көчмө кабылдамасы менен кызмат өтөп жаткан Каракол ШИИБнин кызматкерлерине, шаардын тургуну кайрылып, көп кабаттуу үйлөрдүн короосунда узак убакыттан бери суукта, жашы болжол менен 6-7 жаштагы бала жүргөндүгүн билдирген. Милиция кызматкерлери дароо чара көрүп, суукта жалгыз жүргөн баланы табышкан. Бала үшүгөндүктөн, жакшы сүйлөй албай да калган.

Шаардык милициянын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери балага ысык чай берип, жылыгандан кийин, андан маалымат алууга аракет көрүштү. Жети жашар баланын айтымында, энеси көп убакыттан бери спирт ичимдиктерин ичип жүргөндүгүн, акыркы жолу чогуу баратканда, көчөдө мас болуп уктап калганын, бала болсо кетип, кайра келсе энеси жатып калган жеринде жок болуп чыкканы белгилүү болгон.

Милиция кызматкерлери тийиштүү иш кагаздарын толтуруп, суукта табылган баланы балдар үйүнө убактылуу өткөрүп беришип, энесин издөөгө киришет. Ал эми энесинин шаардын көчөлөрүнүн биринде мас абалында жүргөндүгү аныкталган.

“Баласы кайда жүргөндүгүн сурашканда, энеси жооп кайтара алган жок”, - деп билдиришти милициядан.

Каракол ШИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тийиштүү иш кагаздарын даярдап, маселени мыйзам чегинде чечүү максатында мэриянын балдарды коргоо боюнча бөлүмүнө өткөрүп беришти.

Пикир

Оставить комментарий