• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

AppStore жана Google Playде «COVID-19суз саякаттайбыз» аттуу тиркеме пайда болду

COVID - 19 0

Бишкек, 08.02.21. /Кабар/. Жаңы коронавирус пандемиясынын шартында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандары биримдиктин ичинде бир жерден экинчи жерге коопсуз жүрүүсү үчүн иштелип чыккан «COVID-19суз саякаттайбыз» мобилдик тиркемеси AppStore и Google Play дүкөндөрүн пайда болду.

“Тиркеме ЕАЭБ өлкөлөрүнө саякаттоонун алдында COVID-19га анализ тапшыруу үчүн сизге жакын лабораторияны табууга жардам берет. Чек арадан өтүүдө анализдин жыйынтыгы менен QR-кодун көрсөтүңүз”,-деп жазылат баяндамада.

ТАСС тиркемени көчүргөндөн кийин колдонуучулар коронавируска каршы тест тапшырууда жакынкы лабораторияны аныктоо үчүн өзүнүн турган жерин көрсөтүүсү керектигин билдирет. Андан кийин коронавируска тестирлөө тууралуу маалыматты алуу жана текшерүү үчүн паспортту сканерден өткөрүү сунушталат. Тесттин жыйынтыгы QR-код форматында мобилдик тиркемеде пайда болот, аны саякаттоонун жүрүшүндө текшерүүчүлөрдүн талабы боюнча көрсөтүү зарыл.

Мындан мурда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башкы мамлекеттик санитардык врачтар кеңеши жыйырманчы жыйындын алкагында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандарынын биримдиктин аймагында жүрүүсүн акырындык менен калыбына келтирүү үчүн зарыл талаптарды талкуулоого даяр экени тууралуу билдирген.

Пикир

Оставить комментарий