• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Апрель айында мамлекеттик карызды төлөөгө 3 млрд 584,5 млн сом сарпталган

Экономика 0

Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. 2020-жылдын апрель айында республикалык бюджеттин ведомстволук классификация боюнча кассалык чыгымдары 12 млрд 592 млн 453,5 миң сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Министрликтин Борбордук казыналыгынын маалыматы боюнча, бюджеттик уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөгө республикалык бюджеттен 3 млрд 208 млн 212,7 миң сом, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпулдарга 811 млн 915,3 миң сом жана социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпулдарды төлөөгө 8 459,0 миң сом бөлүнгөн.

Андан тышкары мамлекеттик (ички жана тышкы) карызды төлөөгө 3 млрд 584,5 млн 573 миң сом сарпталган. Калган каражаттар башка багыттар боюнча чыгымдалган.

Пикир

Оставить комментарий