• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Апрель айында “Түндүк электр” компаниясы тарабынан 733,8 млн сом чогултулду

Коом 0

Бишкек, 15-май /Кабар/. Апрель айында “Түндүк электр” бөлүштүрүү тармактарына 447,2 млн кВт саат электр энергиясы келип түштү. Бул тууралуу аталган ишкананы басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, бул көрсөткүч 2016- жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 47,9 млн кВт саатка көбүрөөк.

“Түндүк электр” бөлүштүрүүчү компаниясынын өткөн айга болгон товардык продукциясы 566,7 млн сомду түзүп, анын 733,8 млн сому (129,5 %) чогултулган.

Апрель айында көргөзүлгөн сумманын эсебинен төлөм чогултуу:

калк арасында – 162,7 %

өндүрүштүк объектилерден- 99,7 %

бюджеттик уюмдардан – 115,6 %

айыл чарба объектилеринен – 103,4 %

жана башка керектөөчүлөрдөн –96,3 % аткарылды.

Бөлүштүрүү компания тейлеген аймактардан төлөм чогултуу төмөндөгүдөй:

борбор калаабызда төлөм чогултуу 117,8 %

Чүй облусунда – 140,5 %

Талас облусунда – 148,7 % түздү.

Апрель айынын жыйынтыгы боюнча электр энергиянын жалпы жоготуулары 9,95 % түздү.

Пикир

Оставить комментарий