• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Апрель элдик революциясынын 10 жылдыгына карата видеороликтер боюнча сынак жарыяланат

Маданият 0

Бишкек, 05.02.20. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 7 – Апрель элдик революция күнүнүн 10 жылдыгына карата видеороликтер боюнча сынак жарыялайт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Сынактын максаты - кыргыз элинин эркиндик, демократия жана адилеттүүлүк үчүн күрөш жолундагы эң маанилүү күндөрүн жана бул күрөштө курман болгондордун элесин түбөлүккө сактоо болуп саналат.

Сынакка Кыргызстандын жарандары жана резиденттери катыша алат.

Видеороликке коюлуучу талаптар:

Кыска метраждуу видеороликтер.

Видеороликтер эки категория менен кабыл алынат:

- Биринчи категориядагы видеороликтер узактыгы 60 секунддан ашпашы керек.

- Экинчи категориядагы видеороликтер узактыгы 3 мүнөттөн ашпашы керек.

Сынакка катышуучу бир нече видеоролик жөнөтсө болот, бирок ар бир видеоролик өзгөчөлөнүп, бири-биринен айырмаланып турушу керек.

Видеороликтер санариптик маалымат жыйнагыч (USB, диск, флешка) аркылуу уюштуруу комиссиясына жөнөтүлөт.

Видеороликтин форматы – mp 4;

Видеороликтин мазмуну Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине карама-каршы келбеши керек жана эч жерде жарыяланбашы шарт.

Интеллектуалдык менчик:

Сынактын катышуучулары жиберилген видеороликтерге өздөрүнүн толук автордук укуктары бар экендигин тастыкташат.

Сынактын жалпы жыйынтыгын чыгаруу жана баалоо критерийлери:

Сынакка келген материалдарды жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия курамы төмөнкү критерийлер боюнча баалашат:

Мазмундуулугу жана конкурстун темасына ылайык келиши;

Жеткиликтүүлүгү: конкурстук материалдар жөнөкөй, максаттуу, аудитория үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү тил менен баяндалышы зарыл;

Идеянын креативдүүлүгү жана оригиналдуулугу: теманы берүү формасынын деңгээлинде, ошондой эле анын мазмунунун деңгээлинде аны чагылдырууга стандарттуу эмес мамиле кубатталат.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө төмөндөгүдөй акчалай сыйлыктар ыйгарылат:

1 - орун (эки сыйлык), ар бири – 70 000 сом.

2 - орун (эки сыйлык), ар бири – 60 000 сом.

3 - орун (эки сыйлык), ар бири – 50 000 сом.

Сынакты өткөрүү мөөнөттөрү:

Сынактык мезгил: 2020-жылдын 15-мартына чейин.

Сынакка материалдар: Бишкек шаары, Пушкин көчөсү 78, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинде кабыл алынат.

Байланыш телефону: 663915, 0550 739550, электрондук дарек: depinfokg@mail.ru

Пикир

Оставить комментарий