• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Апрель элдик революциясынын баатырлары элди чагымчылдыкка алдырбоого чакырууда

Коом 0

Бишкек, 25.11.19. /Кабар/. Апрель элдик революциясынын баатырлары Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, элди атайылап жасалып жаткан чагымчылдыкка алдырбоого чакырышты.

Алардын айтымы боюнча, атайын жасалган башаламандыктардын себеби катары Айеркен Саимаитинин өлтүрүлүшү колдонулушу мүмкүн.

“Ал адам мыйзамсыз акча чыгаруу боюнча эл аралык кылмыш тобуна кирип, Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстандан миллион долларлаган каражаттарды чыгаруу үчүн Кыргызстанга келген. Бул адам өзүнүн адамдарынын колунан карыздары үчүн өлтүрүлгөн, бирок андан чоң кылмыш схеманын бетин ачкан баатырды жасап жатышат. Ошол схеманы өзү түзүп, анын дайыма үзгүлтүксүз иштөөсүнө кызыкдар ошол болгон. Болбосо, эмне себептен мындай ачылышты биздин өлкө аркылуу акчаларды чыгарып жатканда жасаган эмес?”, - дейт “Айкол таза коомдун” өкүлү Усупбий Шеримбаев.

Анын айтуусу боюнча, үчүнчү күчтөр Айеркен Саймаитинин өлүмүн колдонуу менен жана бажы кызматынан төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жазага тартылуусун талап кылуу менен өлкөдөгү саясий кырдаалды курчутууга аракет жасашууда.

“Биз өлкөдө башаламандыктарды жасоого аракет кылгандардын баардыгына кайрылабыз. Биз, Апрель элдик революциясынын баатырлары, өлкөдө саясий кырдаалды курчутуп, Кыргызстанды экинчи Сирияга айлантууга жол бербейбиз. А.Атамбаевдин жеке таарынычтарын коомчулук менен аралаштырышпасын. Бир адамдын кызыкчылыгы үчүн өлкөдө туруктуулукту бузууга жасалган аракеттерге жол жок”, - деп баса белгиледи Шеримбаев.

Активист белгилегендей, укук-коргоо органдары өлкөдөн мыйзамсыз акча чыгарууга тиешеси барларды жоопко тартышы керек, бирок баардыгы мыйзам чегинде болушу абзел.

Эскерте кетсек, бүгүн Бишкектеги Ала-Тоо аянтында коррупцияга каршы митинг өтүп, анда Кыргызстандан мыйзамсыз акча чыгарууга тиешеси бар адамдарды жоопко тартуу керектиги тууралуу чакырыктар айтылган. Анда негизинен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду жоопко тартуу боюнча талаптар айтылды.

Пикир

Оставить комментарий