• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Апрель элдик революциясынын расмий логотиби тандалып алынды

Коом 0

Бишкек, 04.03.20. /Кабар/. Апрель элдик революциясынын расмий логотиби тандалып алынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, министрлик тарабынан Элдик апрель революциясынын 10 жылдыгына карата жарыяланган логотиптин эскизин тандап алуу боюнча сынактын жыйынтыгы чыгарылды.

Жеңүүчү болуп Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү Жамурзаев Жаныш Бакировичтин эмгеги тандалды.

Тандалып алынган логотип, апрель революциясына арналган расмий иш-чараларда колдонулат.

Пикир

Оставить комментарий