• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Апрель революциясына 10 жыл: Маданият министрлиги поэзия сынагынын жыйынтыгын чыгарды

Коом 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Апрель элдик революциясынын 10 жылдыгына арналган “Ата журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулуң чагылганга” аттуу поэзия сынагынын жыйынтыгын чыгарды.

Маалыматка ылайык, сынакка 50гө жакын эмгектер келип түшкөн.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

1-орун - Чолпон Орозалиева, Болот Мамбетисаев;

2-орун - Аида Садыкова, Эламан Гулматов;

3-орун - Жолдошбек уулу Бектур, Бекназар Арыкбаев, Нурлан кызы Бегайым, Сакчы Мамбетисаев.

Кызыктыруучу сыйлыктар:

Айтымбетова Мырзайым, Мирлан уулу Карабин, Төрөмырзаев Мирлан, Нусубалиев Умар, Эсеналиева Бермет, Кубанычбекова Алия, Райымкулов Кудайберген, Манкушева Нускат, Жамгырчиев Бердибек, жана Акматов Баян алышты.

Белгилей кетсек, 1-орун 25 миң, 2-орун 20 миң, ал эми 3-орун 10 миң, жана кызыктыруучу сыйлык ээлери 5 миң сомдон ар бири акчалай сыйлыктарды алышат.

Пикир

Оставить комментарий