• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Апрель революциясынын катышуучулары бийликти качкын президент К.Бакиевдин атын үгүттөөгө жол бербөөгө чакырат

Коом 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Апрель элдик революциясынын катышуучулары бийликти качкын президент К. Бакиевдин атын үгүттөөгө жол бербөөгө чакырат.

Бүгүн, 1-июнда Бишкек шаарында өткөн маалымат жыйында 2019-жылдагы Апрель элдик революциясынын катышуучулары акыркы мезгилде социалдык тармактарда жана коом ичинде мурдагы качкын президент Курманбек Бакиевдин атын актоо жана үгүттөөлөр болуп жатканын билдирип чыкты.

Алар Бакиевдин кыргызстандыктарга жасаган акыркы кайрылуусун туура эмес деп эсептейт.

"2010-жылы Ала-Тоо аянтында эмне болгонун эстегилечи. Канча деген бала курман болгон. Ал өзүнүн бийлигин сактап калуу үчүн элге ок аткан. Бүгүн ал өзүнүн адамдары аркылуу атын тазалоого аракет кылууда. Мындан улам коом ичинде ар кандай чагым салууга аракет кылгандарга бийлик чара көрүшү керек. Ошондой эле ал 10 жылдан ашык убакыттан бери эркиндикте жүрөт. Аны жоопкерчиликке тартуу аракети болгон жок. Бийликтен аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселесин кароосун талап кылабыз", - деди "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин өкүлү Жылдызбек Исаков.

"Айкөл Таза-коом" коомдук уюмунун өкүлү Усупбий Шеримбаевдин айтымында, Бакиев Кыргызстанга кайтып келсе ага мыйзам чегинде чара көрүлүшү керек.

"Эгер келүүнү кааласа келсин, ал мыйзамдуу түрдө жазасын алат. Беларуста болуп, ал бизди кечирдим деген билдирүүлөрдү жасап жатат. Бул нерсе ал үчүн уят. Анын убагында өлкө тонолуп, мыйзамсыздык жана бийликти узурпациялоо болду. Биздин мамлекетте андай нерсенин кайталанышын каалабайбыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий