• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Апрелде өкмөт парламент алдында отчет берет

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.04.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары апрелде өкмөттүн жасаган иши боюнча отчетун угат. Бул тууралуу парламенттин жыйынында төрага Дастанбек Жумабеков билдирди.

Анын айтуусунда, бул маселе апрель айындагы календарлык планда турат.

Депутат Мыктыбек Абдылдаев Башкы прокуратуранын отчетун 18-апрелде, ал эми өкмөттүн отчетун 25-апрелде кароону сунуштады.

Төрага Жумабеков отчетту угуунун так күнү кийинчерээк аныктала тургандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий