• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Апрелде кыргызстандыктар үч күн катары менен эс алышат

Коом 0

Бишкек, 22.03.18. /Кабар/. Апрелде кыргызстандыктар үч күн катары менен -7-8-9-апрелде эс алышат. Бул тууралуу социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Апрель элдик революция күнү 7-апрель бул жылы ишемби – иш күнү эмес күнгө туура келген. Ага байланыштуу эс алуу күнү дүйшөмбү 9-апрелге жылдырылат.

“9-апрель 5 күн иштеген мекеме, уюм, ишканалардын кызматкерлери үчүн иш күнү эмес болуп саналат”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий