• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Апрелдин аягына чейин Өзбекстанга «Спутник V» вакцинасынын 300 миң дозасы жеткирилет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. Апрелдин аягына чейин Өзбекстанга Орусиянын «Спутник V» вакцинасынын 300 миң дозасы жеткирилет. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык комиссиянын Ташкентте өткөн жыйынында билдирди.

Ариповдун айтымында, апрель айынын аягына чейин Кытайдан дагы бир миллион доза вакцина келет деп күтүлүүдө.

Премьер-министр өлкө жарандары үч вакцинанын ичинен каалаганын тандап алса болорун кошумчалады.

Буга чейин Өзбекстанда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөр 400 миң кишиден ашканы кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий