• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

9-апрелге чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалыматы

Коом 0

Бишкек, 04.04.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 5-9-апрелде өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Ага ылайык, 5-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 5-апрелде күндүз Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

6-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 6-апрелде күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

7-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 7-апрелде күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 7-апрелде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

8-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана Нарын облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

9-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана Нарын облусунда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан карга айланышы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий