• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Апта аягына чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 28.10.19. /Кабар/. 29-октябрда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ал эми калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

29-октябрда күндүз жана 30-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

30-октябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Калган облустарда жаан-чачын күтүлбөйт.

31-октябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлсө, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 31-октябрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

1-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 1-ноябрда күндүз жана 2-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

2-ноябрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Пикир

Оставить комментарий