• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Апта: Ажылык- 2019, Кореянын премьер-министринин сапары, Атамбаев үчүнчү ирет ИИМге чакырылды

Коом 0

Бул апта жаңылыктарга мол болду. Анын ичинде саясий да, маданият тармагындагы, аны менен бирге спорт жаңылыктары бар.

Корея премьер-министринин биринчи расмий сапары

Корея Республикасынын премьер-министри Ли Нак Ён 17-19-июль күндөрү Кыргызстанда расмий сапары менен болду .

Корея Республикасынын премьер-министри расмий сапарынын алкагында президент Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту. Аны менен бирге кыргыз студенттери менен жолугуу өткөрүп, “Кыргызстан-Түштүк Корея” бизнес-форумуна, “Менин айылым” долбоорунун бет ачарына катышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар соода, айыл чарба, саламаттык сактоо, тоо-кен тармагы, туризм, энергетика, транспорт, текстилдик өнөр жай, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө багытында кызматташууну мындан ары карай өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

КРнын өкмөт башчысы белгилегендей, Түштүк Кореянын премьер-министринин расмий сапары кыргыз-корей алакасын жаңы деңгээлге чыгарды.

Ал эми Кореянын премьер-министри Ли На Ён, перспективалык келечекти куруу тилегин ишке ашырууда Кыргызстан маанилүү өнөктөш болуп саналат белгилеп өттү.

Анын айтымында Кыргызстан кореялыктардын арасында Ысык-Көлү, Ала-Арча жаратылыш паркы жана дүйнөгө аты чыккан UFC чемпиону Валентина Шевченко менен таанымал.

Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар эки жактуу келишимдерге кол коюлду. Ошондой эле бир катар долбоорлорду ишке ашыруу макулдашылды.

Ажылык-2019: Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Мединага учуп кетти

16сынан 17-июлга караган түнү ажыга бара турган кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Сауд Арабиянын Медина шаарына учуп кетти.

Муфтияттан билдиришкендей, биринчи топто 392 зыяратчы жана аларды коштогон 8 ажы башчы болгон.

Дүйшөмбү, 22-июль күнү Баткен облусунан ажыга бара турган зыяратчылардын алгачкы тобу Медина шаарына аттанат. Алар "Ош" эл аралык аба майданы аркылуу учушат.

"Алгачкы топто 150 жаран жана аларды коштогон ажы башчылар учуп кетишет. Болочок ажыларга окуу сабактары өтүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп билдиришти муфтияттан.

Быйыл Баткен облусунан ажыга барууга 485 жаран жолдомо алган.

Алмазбек Атамбаев үчүнчү ирет ИИМге суракка чакырылды

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев үчүнчү ирет ИИМге суракка чакырылды. Чакыруу анын Кой-Таш айылында жайгашкан үйүнө жеткирилип берилген.

Анда, Атамбаев 19-июль күнү саат 10:00гө күбө катары суракка чакырылып жаткандыгы көрсөтүлгөн.

Бирок Атамбаев белгиленген күнү суракка барган жок.

Ошол эле учурда, 18-июль күнү Атамбаевдин расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасында Алмазбек Атамбаевди күч менен кармоо тууралуу буйрук берилгендиги жана ага 1,5 миң укук-коргоо орган кызматкери тартылары тууралуу жазып чыккан.

Андан кийин Ички иштер министрлиги Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаевди күч колдонуу менен кармоо тууралуу тарап жаткан маалымат туура эместигин билдирген

Белгилей кесек, мындан мурдараак Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан.

Футбол боюнча дүйнө биринчилигин утурлай

Кыргызстандын футбол курамасынын Футбол боюнча дүйнө биринчилиги жана Азия Кубогуна тандоо турундагы атаандаштары аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.

Федерациядан белгилешкендей, ФИФанын 14-июндагы рейтинги боюнча 40 курама бештен 8 топко бөлүнгөн.

Чучукулактын жыйынтыгында Кыргызстандын курамасы менен бирге F тайпасына Япония, Тажикстан, Мьянма жана Монголия түшкөн.

Тандоо туру күз айында башталат.

Белгилей кетсек, Футбол боюнча дүйнө биринчилиги 2022-жылы Катарда, ал эми Азия Кубогу 2023-жылы Кытайда өтөт.

"Манас" аэропорту 1,7 млн жүргүнчүнү тейлеген

"Манас" Эл аралык аэропорту" 2019-жылдын башынан бери 1 млн. 694 миң 639 жүргүнчүнү тейлеген. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 588 миң 169 жүргүнчү ички каттамдар боюнча учса, 1 млн. 106 миң 470 жүргүнчү эл аралык каттамдардын кызматын колдонгон.

Ошондой эле жарым жылда 14 миң 782 каттам тейленген. Алардын ичинен 9 миң 629у эл аралык каттамдар, 5 миң 153 – ички каттамдар.

Бөлүмдөрү боюнча: "ЭМА" ААКнын Бишкектеги бөлүмү 9 миң 420 каттамды тейлеген. Ички каттамдар 2 миң 604, эл аралык - 6 миң 816. Жүргүнчүлөрдүн жалпы саны 978 миң 401 адамды түзгөн. Анын ичинен 294 миң 363 адам ички каттамдардын кызматы менен колдонсо, 684 миң 38и эл аралык каттамдарды колдонгон.

"ЭМА" ААКнын Оштогу бөлүмү 5 миң 326 каттамды тейлеген. Ички каттамдар 2 миң 533, эл аралык - 2 миң 793. Жүргүнчулөрдүн жалпы саны 715 миң 326 адамды түзгөн. Анын ичинен 421 миң 839 адам ички каттамдардын кызматы менен колдонсо, 293 миң 487и эл аралык каттамдарды колдонгон.

"ЭМА" ААКнын Ысык-Көлдөгү бөлүмү 36 каттамды тейлеген. Ички каттамдар 16, эл аралык - 20. Жүргүнчүлөрдүн жалпы саны 912 адамды түзгөн. Анын ичинен 319 адам ички каттамдардын кызматы менен колдонсо, 593 эл аралык каттамдарды колдонгон.

Пикир

Оставить комментарий