• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Апта: Бишкекте таза суу кымбаттайт, 2020-жылдагы парламенттик шайлоо

Аналитика 0

Бул аптада коом талкууга алган бир катар окуялар болду: Бишкекте таза суунун баасынын кымбатташы, келерки жылы боло турган парламенттик шайлоолор ж.б.

Бишкекте таза суу кымбаттайт

Бул аптада Бишкек шаардык кеңеш (БШК) "Бишкек шаарын суу менен камсыз кылуу жана суу агындылардын (канализация) баасын бекитүү тууралуу" токтомду кабыл алды. Ага ылайык, Бишкек шаарында 15-ноябрдан тарта канализациянын жана муздак суунун баасы жогорулайт.

"Бишкексууканал" өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Мурадин Сейдалиев билдиргендей, акыркы жолу сууга болгон тарифтер 2015-жылы өзгөртүлгөн. Төрт жыл мурун бекитилген баалар ошол кезде эле суунун өздүк баасынан кыйла төмөн болуп кабыл алынган. Анда ичүүчү суунун бир куб метри калк үчүн 5 сом 38 тыйынды түзгөн. Эми жаңы документке ылайык 8 сом 10 тыйын болот.

"Биздин ишкана канча жылдан бери чыгымга иштеп келет. 2017-жылы дефицит 97 млн сомду түзсө, 2018-жылы 89 млн сом болгон. Каражаттардын жетишсиздигинен биз оңдоп-түзөө, жаңылоо иштерин жасай албай келебиз. Каражат маселесине байланыштуу тутумдар жаңыланбай, биз жалаң гана авариялык абалда болгон тилкелерди тейлеп жатабыз", - дейт Сейдалиев.

Жаңы тарифтер боюнча ичүүчү суунун бир куб метрине болгон баа;

- калк үчүн – бир куб метрине 8,10 сом (буга чейин 5,38 сом болгон);

- бюджеттик мекемелер үчүн – 9,10 сом (буга чейин 7,38 сом болгон);

- өндүрүш жана коммерциялык мекемелер үчүн – 13 сом (буга чейин 9,15 сом болгон).

Сейдалиев кошумчалагандай, эсептегичи жок үйлөрдө суу атайын кабыл алынган норма боюнча саналмакчы.

Ал эми БШК токтомуна ылайык, санитардык агындылар үчүн кийинки баалар бекитилген:

- калк – бир куб метрине 2,30 сом (буга чейин – 1,20 сомов);

- бюджеттик мекемелер – 3 сом (буга чейин – 2,10 сом);

- өндүрүш жана коммерциялык мекемелер үчүн 6 сомду (буга чейин – 4,02 сом) түзөт.

Көк бөрү боюнча дүйнө биринчилиги

Баары билгендей, быйыл ноябрь айында Ташкентте көк бөрү боюнча дүйнө биринчилиги өтмөк. Бирок, ал мелдеш быйыл болбой калып, келерки жылга жылдырылды. Бул тууралуу Кыргызстандын "Көк бөрү" федерациясынан билдиришти.

"Ушул жылдын 20-26-ноябрында Өзбекстанда өтө турган көк бөрү боюнча дүйнө биринчилиги 2020-жылга жылдырылды", - деп билдиришти федерациядан.

Буга чейин Кыргызстан, жыл башында көк бөрү оюнунун эрежелерине өзгөртүүлөр киргенине байланыштуу Өзбекстанда өтө турган көк бөрү боюнча биринчиликке барбай турганын билдирген. Кыргызстан ал өзгөртүүлөрдү тааныбай турганын айткан. Сөз болуп жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, оюн мурдагыдай үч бөлүктөн эмес, 2 бөлүктөн туруп, тай казан жерге коюлган тегерекке алмаштырылмак.

Бирок, ошол эле учурда кыргызстандык улакчылар мелдешке барып, оюн көрсөтүшү керек деген пикирлер да жок эмес.

Азыркы тапта эмки жылга жылдырылган оюнга Кыргызстан барар-барбасы азырынча белгисиз.

Тоо чокуларынын бирине Усубалиевдин ысымы берилди

Кыргызстандагы тоо чокуларынын бирине мамлекеттик жана коомдук Турдакун Усубалиевдин ысымы берилди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Агенттиктен билдиришкендей, Жаштар иштери боюнча агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев башында турган кыргызстандык альпинисттер Кыргыз Ала-Тоосунун борборундагы ("Салык" мөңгүсүнүн жанындагы) бийиктиги 4 миң 650 метрге жеткен мурда аты жок болуп келген чокуга чыгып, ал жерге Турдакун Усубалиевдин ысымы жазылган тактаны орнотушкан. Бул жүрүш Кыргыз ССР Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы, КР Баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата уюштурулган.

Экспедицияга Михаил Даничкин, Андрей Алинов, Виктор Филинов (баары альпинист) жана дарыгер Асель Байбагышева катышкан.

Парламенттик шайлоолор

Белгилүү болгондой келерки жылы Кыргызстанда парламенттик шайлоолор өтөт. Жакында эле Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленгенин билдирди.

Белгилей кетсек, мурда 2015-жылы болгон шайлоо да 4-октябрда болуп өткөн. Анда парламентке 6 партия өтө алган.

FIFA уюмунун рейтинги

Кыргызстандын футбол курамасы FIFA уюмунун рейтингинде 3 сапка жогорулап, 94-орунга жайгашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.

FIFA уюмунун рейтинги бейшемби, 24-октябрь күнү чыгып, ал футбол боюнча дүйнө биринчилиги жана Европа чемпионатына (2020-жылы) болгон тандоо турундагы оюндар боюнча түзүлгөн.

Октябрь айында Кыргызстандын улуттук курамасы 2022-жылы өтө турган Дүйнө биринчилигине тандоо турунун алкагында 2 оюн өткөргөн. Биринчи оюнда ак шумкарлар Мьянма менен ойноп, аларды 7:0 эсебинде жеңген. Ал эми, экинчи беттеште Монголияны 2:1 эсебинде уткан.

Эки жеңиштин аркасы менен Кыргызстан FIFA уюмунун рейтингинде 3 орунга көтөрүлүп, 94-орунга жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий