• 84.8
  • 101.57
  • 1.12

Апта: Чек ара, Якутиядагы кыргызстандыктардын абалы, Бабановдун келиши

Коом 0

Өткөн аптада кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр, эки тараптын сүйлөшүүлөрү менен жөнгө салынып, чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюлду. Документке КРнын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим кол коюшкан.

Аны менен катар кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин жабылган Баткен – Исфана унаа жолу, ошондой эле Ак-Сай айылынан буулуп турган Тажикстандын Исфара шаарын Ворух анклавы менен байланыштырган жолу дагы ачылган.

Чек ара боюнча сүйлөшүүлөр аяктап, протоколго кол коюлгандан кийин кээ бир саясатчылар жана серепчилер Кыргызстан Тажикстанга жерин бөлүп берди деген сөздөрдү айтып чыгышкан.

Бирок, КРнын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков ошол жерде болгон абал жана кыргыз тажик сүйлөшүүлөрү тууралуу кенен маалымат берип, КР Тажикстанга эч кандай коридор бербегенин билдирген.

"Эки мамлекеттен делегация келип, терең изилдеп, беш күн макулдашып, биз чечимдерге келдик. Негизинен эки маселе каралды. Биринчиси бул – 13-14-мартта орун алган окуяларды талдоо, экинчиси – чек ара аймагында болуп жаткан жумуштар кандай улантылат деген маселе талкууланды. Ал жерде протоколго кол коюлду", - деген ал.

Бул маселе Жогорку Кеңештин депутаттарынын көңүл сыртында калган эмес. ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин депутаттары чек-арадагы абал тууралуу өкмөттүн маалыматын жабык тартипте уккан. Депутат Жылдыз Мусабекова жыйындан кийин 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгон ошол кездеги мамлекеттик катчы Адахан Мадумаровдун иш-аракеттерине юридикалык баа берилиши керектигин айтып, Башкы прокуратурага кайрылган.

“Коргоо кеңешинин катчысы – бул президенттин өкүлү жана ал өкмөттүн атынан сүйлөп, кандайдыр бир документтерге кол коюуга укугу жок. 2008-жылы 26-ноябрь күнү талаш-тартыш болгон тилкелери делимитация жана демаркация иштери аяктагандан кийин каралат деген документке кол коюлган. Бирок, 2009-жылы 3-мартта мурдагы коргоо кеңешинин катчысы А.Мадумаров ошол 2008-жылкы протоколдун 3-пунктун жокко чыгарган протоколго кол койгон. Бул боюнча юридикалык баа берилиши керек”, - деген депутат.

Белгилей кетсек, өкмөттүн делимитация маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаровдун маалыматы боюнча кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970,8 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым өкмөт аралык комиссиялардын деңгээлинде такталып, кол коюлган. Калганы тактала элек.

Ушул жылдын апрель айында кыргыз-тажик чек арасында тактала элек жерди делимитация жана демаркациялоо боюнча иштер башталаары айтылды.

Якутиядагы кыргызстандыктар

Чет жерде 1 миллионго жакын мекендештерибиз бар. Алардын басымдуу бөлүгү эмгек мигранттары болуп, көпчүлүгү Россияда эмгектенишет. Алардын жыл сайын Кыргызстанга которгон каражаттары 2, 5 млрд. долларды түзөт. Ал бюджети чакан Кыргызстан үчүн чоң каражат. Эмгек мигранттары биз айтпай жүргөн ири инвесторлорубуз десек болот.

Алардын чет жерде жасаган иштери тууралуу, маселен, "бирөөнү куткарыптыр, бирөөгө жакшылык жасаптыр" деген алкыш сөздөрдү угуп калабыз. Албетте, андай окуялар бизди кубандырат. Бирок, ошол эле кезде "Орто Азиядан, Кыргызстандан келген мигранттар бул окуяга аралашыптыр, кылмыш жасады" деген кабарлар да чыгып калат.

Жакында эле бир кыргызстандык Якутияда кылмышка, тагыраагы зордуктоого шектелип кармалды. Ушул жылдын 17-мартында Якутск шаарынын тургуну аймактык укук коргоо органдарына кайрылып, уурдоо жана зордуктоо тууралуу арыз жазган. Якутсктун Тергөө комитети бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, ал кылмышка шектелип кыргызстандык кармалган.

Бул жагдай жергиликтүү элдин арасында нааразычылыкты жаратып, эл митингге чыккан. Ал турсун айрым адамдар социалдык тармактарда мигранттардан азык-түлүк сатып албаганга, мыйзамсыз иштерге барууга чакырык таштаган. Якутск шаарынын кээ бир тургундары топ болуп уюшуп мигранттар иштеген жайларга барып, коркутуп, соода түйүндөрүнүн жабылышын талап кылышкан. Бирок белгилей кетсек, Якутск шаарынын укук коргоо органдары мигранттарга карата мыйзам бузууларга барган жарандар кармалып жатканын билдирген.

Якутиядагы кыргыз диаспорасынын өтүнүчү менен түзүлгөн кырдаалды чечүү жана болгон окуялардан кийин абалдын курчуп кетишин алдын алуу үчүн КРнын Мамлекеттик миграция кызматынын, КРнын Россиядагы элчилигинин жана ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчи кызматкерлери Якутск шаарына жөнөгөн.

Маселени чечүү үчүн Кыргызстандын Миграция кызматынын башчысынын орун басары Самат Токтоболотов Якутиянын тийиштүү органдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүп, ал жакта жүргөн кыргыз жарандарын этият болуп, чыр чатактардан алыс болууга чакырган.

Кыргыз делегациясы Якутиянын жергиликтүү бийлиги менен жолукканда, Эл иштери жана тышкы байланыш боюнча министр Гаврил Кириллин бул окуядан кийин жаралган чырды жөнгө салуу боюнча республиканын бийлиги тарабынан жасалган иштер тууралуу айтып берген.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Россиянын аймагында 640 миң кыргыз жараны эмгектенсе, алардын 10 миңи Якутиянын аймагында иштейт.

Бабановдун келиши

Жакында эле "Республика" партиясынын мурунку лидери Өмүрбек Бабанов бир айдын ичинде Кыргызстанга кайтып келиши мүмкүн деген маалымат тарады. "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Максат Сабиров жергиликтүү ММК өкүлдөрүнө аталган фракциянын үч депутаты - Руслан Казакбаев, Мирлан Жээнчороев жана Кенжебек Бокоев Россияга барып, Бабанов менен жолугуп келишкендигин билдирген.

"Келем деп жатат. Биз келерин күтөбүз", - деген ал.

Аны менен бирге Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга премьер-министрдин ордун ээлеш үчүн келе жатат деген маалыматтар тараган.

Бирок Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Бабанов Кыргызстанга келсе мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат деп билдирген. Себеби 2017-жылы ага карата кылмыш иши ачылган эле.

Эске сала кетсек, Бабанов 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоого катышып, утулуп калган. Шайлоодон кийин Бабанов өлкөдөн чыгып кетип, кийин депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кеткенин жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий