• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Апта: Чек ара маселеси, Дүйнө чемпиону аталган Айсулуу Тыныбекова, Олимпиадага жол ачкан эки жолдомо

Коом 0

Апта башында кыргыз-тажик чек арасында болгон чыр чечилбеген чек ара маселесин эске салып, коом ичинде кызуу талкууга алынды. Ал эми, жума күнү кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпиону аталып, кыргызстандыктарга чоң кубаныч алып келди.

Чек арадагы окуя

16-сентябрь күнү кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атышуу болду. Жыйынтыгында ок атышуудан Кыргызстандын бир чек ара кызматкери көз жумса, 13 адам ар кандай жаракат алган – 7 чек арачы, 6 жаран. Ошону менен бирге Тажикстан тараптан да чек ара кызматкерлери каза болгону, бир нече киши жаракат алганы айтылууда.

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, чырга тажик тараптын такталбаган чек аймагында жүргүзгөн курулуш иштери себеп болгон.

"Жаңжалдын чыгышына чек арага жакын жердеги такталбаган аймакка тажик жарандары курулуш иштерин баштаганы себеп болгон. Ага жооп катары Кыргызстандын жараны аталган аймакта жайгашкан үйүнүн айланасын тосо баштаган", - деп айтылат маалыматта.

Чек арадагы окуядан кийин, Максат айылына тийиштүү кызматтардын башчылары, аны менен бирге өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев да барган.

Чек ара маселеси боюнча эки өлкөнүн өкүлдөрү жолугушуу өткөрүп, жыйынтыгында чек ара аймагындагы кошумча күчтөрдү жана атайын техниканы өзүнүн дайым жайгашкан жерине чыгууну жана чек араны биргеликте күзөткө алууну сүйлөшүшкөн Аны менен катар Тажикстан тарап такталбаган чек ара тилкесиндеги курулуш иштерин токтотору макулдашылган.

Айсулуу Тыныбекова – дүйнө чемпиону

Жума, 20-сентябрь күнү Казакстанда өтүп жаткан кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалында кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) болгариялык атаандашын утуп, Дүйнө чемпиону аталды. Муну менен ал Дүйнө чемпиону болгон алгачкы кыргызстандык балбан кыз болуп калды.

Тыныбекова финалдык кармашта болгариялык Тайбе Мустафа Юсейн менен күч сынашып, атаандашын 5:3 эсебинде жеңди.

Кыргызстандын күрөш тарыхында алгачкы ирет дүйнө чемпиону болгон Айсулуу Тыныбекова жеңишин мекенине арнай турганын, алтын медаль үчүн 10 жыл талыкпай эмгек кылганын билдирди.

Эскерте кетсек, ал финалга чыгуу үчүн төрт кармаш өткөргөн. Кыргызстандык спортчу биринчи кармашында мексикалык балбан кыз Алехандра Ромеро Бонилланы 8:0 эсебинде жеңсе, андан кийинки таймашта япониялык спортчу Юкако Каваиден мыкты чыккан.

Чейрек финалда Тыныбекова украиналык спортчу Юлия Ткач-Остапчукту 9:6 эсебинде утуп, жарым финалга чыккан. Аны менен бирге ал келерки жылы Тоикодо өтө турган Олимпиада оюндарына да жолдомону ала алган.

Жарым финалдык беттеште Тыныбекова түндүк кореялык Ёнг Сим Римди 7:0 эсебинде уткан.

Олимпиадага дагы эки жолдомо

Кыргызстандын спортчулары Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде келерки жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына эки жолдомо утуп алды.

Алгачкы жолдомону грек-рим күрөшү боюнча балбан Атабек Азисбеков алды. Ал 87 килограмм салмакта күрөшүп, биринчи атаандашын уткан. Бирок экинчи кармашында венгриялык Виктор Лёринцке утулуп калган. Бирок, венгриялык спортчу финалга чыга алгандыктан, Атабеков жубатуучу беттештерге чыккан. Ал мүмкүнчүлүктү колдон кетирбей, эки кармашта атаандаштарын жеңип, коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган. Аны менен бирге Олимпиада оюндарына да жолдомо ала алган. Тилекке каршы, үчүнчү орун үчүн кармашта ал атаандашына утулуп калды.

Олимпиадага экинчи жолдомону дүйнө чемпиону аталган балбан кыз Айсулуу Тыныбекова утуп алды. Ал 62 килограмм салмакта күрөшкөн.

Эскерте кетсек, буга чейин Олимпиадага жолдомону суучул Денис Петрашов (100 жана 200 метр жарышка) жана жөө күлүк Юлия Андреева алышкан.

Эртең 17 өлкөнүн жөө күлүктөрү катышкан жарыш өтөт

Эртең, 22-сентябрь күнү Бишкекте 17 өлкөнүн жөө күлүктөрү катыша турган эл аралык BONAQUA атындагы жарым марафон өтөт. Бул тууралуу "Эл аралык марафондун дирекциясы" коомдук бирикмесинин башчысы Мелис Надыров билдирди.

Анын айтымында, жарышка Россия, Казакстан, Кыргызстан, Азербайжан, Индия, Кытай, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан, Украина, Япония, Аргентина, Франция, Корея, Польша, Англия, АКШдан 1470 спортчу катталган.

Марафон 22-сентябрда эрте мененки саат 9:00дө Арча-Бешик конушунда орун алган "Газпром" спорт комплексинин алдынан башталып, спортчулар 7-апрель көчөсү тарапка жүгүрүшөт.

Жөө күлүктөр 3, 10, 21 чакырымга жана таяк менен басуу боюнча жарышат.

Жарыштын байге фонду 504 миң сомду түзөт. 21 чакырым аралыкка чуркап, маарага биринчи келген спортчу 100 миң сом, экинчи келген 70 миң, үчүнчү келген 50 миң сом алат.

Эскерте кетсек, алгачкы Бишкекте өткөн жарым марафон 2 жыл мурун болгон. Анда 15 өлкөдөн келген 1 миң 600 жөө күлүк чуркаган. Мурунку жылы 23 өлкөдөн 1 миң 800 адам катышкан.

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын Shenzhen Sunwin компаниясы ишке ашырат

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабы боюнча тендерди кытайлык «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» компаниясы жеңип чыкты. Бул тууралуу Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Комитеттен белгилешкендей, 2019-жылдын 8-майында алар тарабынан атайын жабдыктарды сатып алуу боюнча тендер жарыяланган (экинчи этап).

Сынакка катышкан катышуучулар төмөнкүдөй суммаларды сунуш кылышкан.

- «Вега» – 4 млрд 802 млн 338 миң 446 сом;

- «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» – 2 млрд 654 млн 558 миң 940 сом;

- БИС – 5 млрд 67 млн 794 миң 340 сом.

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамга ылайык тендердик комиссия Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясын жеңүүчү деп тапкан.

Пикир

Оставить комментарий