• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Апта: Чек ара маселеси, Олимпиаданын алгачкы жолдомосу, мамлекеттик карыз

Аналитика 0

Бул аптада коомчулуктун талкуусуна түшкөн бир катар окуялар болуп өттү. Башкы окуялардын бири кайрадан кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр болду...

Чек ара маселеси

Бул аптада Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн жарандарынын – Ак-Сай айылы (КР) менен Ворух анклавынын (ТР) тургундарынын ортосунда кайрадан чыр чыгып, октон жаракат алгандар болду. Тажикстан тараптан бир жаран каза болгону айтылууда.

Чек арадагы окуя жыл башынан бери бир нече ирет болуп жергиликтүү тургундар чек ара маселесин чечип берүүнү талап кылып келет.

Мындан улам чек ара маселесин карап, чечүү үчүн Кыргызстандын президенти менен Тажикстандын президенти Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтү менен Исфара шаарындагы Ворух айылдык кеңешинин Тожикон айылынын чегинде жолугуп, ал жерде жашаган эл менен да жолугушту.

Жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушуу учурунда эки мамлекет башчы элдердин ортосундагы тынчтыкты жана ынтымакты, кылымдардан берки достукту сактоо маанилүү экенин белгилешип, тараптардын чек арадагы бардык кыйынчылыктарды четтетүү боюнча чараларды көрүүгө даяр экендигин айтышкан.

Эл менен жолугушуудан соң мамлекет башчылар сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн Тажикстандын Исфара шаарына барышты. Анын алкагында президенттер эки тараптуу кызматташтык, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жана делимитациялоо маселесин талкуулашты. Бул маселени талкуулоо бүгүн, 27-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында улантылат.

Ал үчүн Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кечээ, 26-июль күнү Кыргызстанга иш сапары менен келген. Аны Ысык-Көл облусундагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунда КР президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алган.

Олимпиада-2020: Алгачкы жолдомо

Алдыдагы жайкы Олимпиада оюндары келерки жылы Японияда өтөт. Аны утурлай эле өлкөбүздүн спортчулары Олимпиадага жолдомо алуу үчүн ар кыл мелдештерге катышууда.

Бул аптада Олимпиада оюндарына катышуу үчүн алгачкы жолдомону суучул Денис Петрашов алды.

Петрашов Түштүк Кореянын Кванджу шаарында өтүп жаткан суучулдар биринчилигинде 100 метр аралыкты 1 мүнөт 0,94 секундда сүзүп келген. Жолдомо алыш үчүн суучулдар 1 мүнөт 1,73 секундда маарага жетиши керек болгон.

"Денис Петрашов сууда сүзүүнүн брасс түрү боюнча мелдеште 100 метр аралыкты 1 мүнөт 0,94 секундда сүзүп өткөн. Бул жарышка 87 спортсмен катышкан. Ал бешинчи бөлүктө сүзүп, баарынан биринчи келген. Жалпы эсепте Денис 28-орунга илинген", - деп билдирет Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги.

Андан кийин Петрашов 200 аралыкка жарышта экинчи лицензияга ээ болду.

Белгилей кетсек, май айларында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев, Кыргызстан спорттун 13 түрү боюнча 21 лицензия алууну көздөп жатканын билдирген. Алардын арасында күрөштүн 3 түрү, дзюдо, жеңил атлетика, бокс, оор атлетика, заманбап беш түрлүү көнүгүүлөрдөн турган спорттук мелдеш, сууда сүзүү, ок атуу, фехтование, жаа атуу, триатлон бар.

Быйыл аталган спорт түрлөрүнүн айрымдары боюнча лицензиялык мелдештер өтөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын курама командалары лицензиялык турнирлерге даярдануунун алкагында 94 эл аралык (лицензиялык, рейтингдик) мелдешке катышууну пландап жатышат.

Мамлекеттик карызды төлөөгө 12,6 млрд сом жумшалган

Белгилүү болгондой, Кыргызстан жол куруу, энергетика жана башка ири долбоорлорго чет мамлекеттерден, каржы мекемелерден насыя алып келет. Ушул жылдын 31-майына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд 453,86 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Борбордук казыначылыктын директору Марлен Амандыков билдирди.

Анын айтымында, тышкы карыз 84,9%ды (3 млрд 783 млн доллар) түзсө, ички карыз 15,1% (670,9 млн доллар) болгон.

"2019-жылдын январь-июнь айларында мамлекеттик карызды төлөөгө республикалык бюджеттен 12 млрд 684,5 млн сом жумшалган. Анын ичинен тышкы карызга 6 млрд 718 млн сом, ички карызга 5 млрд 966,5 млн сом сарпталган", - деди ал.

ФИФА рейтинги: Кыргызстан 95-орунда калды

Бул аптада ФИФА футбол курама командаларынын рейтингин жарыялады. Ага ылайык Кыргызстандын футбол курамасы ФИФАнын рейтингинде 95-орунда калды. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.

Тизменин башында Бельгия, андан кийин Бразилия, үчүнчү орунда Франция турат.

Ал эми Кыргызстандын Дүйнө биринчилиги жана Азия Кубогуна тандоо турундагы атаандаштары – Япония 33-орунда, Тажикстан – 119, Мьянма – 135, Монголия 187-орунда турат.

Белгилей кетсек, аталган мелдештерге тандоо туру быйыл күз айында башталат.

Ал эми футбол боюнча Дүйнө биринчилиги 2022-жылы Катарда, Азия Кубогу 2023-жылы Кытайда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий