• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Апта: Экс-президент макамы алынган Атамбаев, "Коопсуз шаардын" "кирешеси"

Аналитика 0

Бул апта ар кыл багыттагы жаңылыктарга бай болду. Аны менен бирге Кыргызстандын тарыхында алгач ирет болуп жаткан окуялар менен коштолду. Белгилүү болгондой, парламент депутаттары көпчүлүк добушу менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-президент деген макамын алды.

Атамбаев экс макамынан ажырады

27-июнь күнү Кыргызстанды 2011-2017-жылдар аралыгында башкарган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев "экс" макамынан ажыратылды. Ал боюнча Жогорку Кеңештин "Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевди статусунан ажыратуу жөнүндө" токтому кабыл алынды.

Парламенттин жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, экс-президент Алмазбек Атамбаевди макамынан ажыратуу үчүн ага карата күнөө коюу боюнча ЖКнын убактылуу комиссиянын корутундусу боюнча Башкы прокуратуранын тыянагы менен депутаттарды тааныштырды.

Ал убактылуу комиссиянын Атамбаевдин 6 кылмышка тиешеси болушу мүмкүн деген корутундусун карап чыгып, ал шектенүүлөрдүн бешөөнү негиздүү деп тапкан.

Өткүрбек Жамшитов аталган маселени кароонун жыйынтыгында демилгечи топтун койгон айыптоолорунун ичиндеги экс-президенттин өз кызыкчылыгы үчүн баардык бийлик бутактарынан уюшкан кылмыш тобун түзүп алып, ага каршы сүйлөгөндөрдү куугунтуктады деген айыптоого катыштыгы жок деп табылгандыгын белгиледи.

Ошону менен депутаттар башкы прокурорго суроо узатып, акырында мурдагы президенттин "экс" макамын алуу маселеси добушка коюлду. Добуш берүү үчүн 110 депутат каттоодон өтүп, 103 эл өкүлү "макул", алтысы "каршы" добуш берген. Бир депутат добуш берген эмес.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин убактылуу атайын комиссиясы "Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердүүлүгүнө кепилдиктер жөнүндө" мыйзамдын 12-беренесин жана Жогорку Кеӊештин Регламенти жөнүндө мыйзамынын 33-беренесинин негизинде түзүлгөн. Атайын комиссиянын курамына депутаттар Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембедиев, Нурлан Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов, Канат Исаев, Алмазбек Токторов, Алтынбек Жунус уулу, Бактыбек Турусбеков, Каныбек Иманалиев кирген.

"Коопсуз шаар": 125,7 млн сом айып пул төлөндү

"Коопсуз шаар" долбору ишке киргенден бери 24-июнга чейин жол эреже бузуулар боюнча 125 млн. 730 миң сом айып пул төлөнгөн. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик агенттигинин төрагасынын орун басары Кубанычбек Шатемиров билдирди.

Ал белгилегендей, 24-июнга карата жол эрежесин бузуу боюнча 211 миң 384 учур катталган.

Алардын ичине 89 миң 980 токтом боюнча (42,6%) айып пулдар төлөнгөн. Башкача айтканда ал токтомдор боюнча төлөнгөн айып пулдар 125 млн. 730 миң сомду түзгөн.

"Акылдуу шаар" долбоорунун алкагындагы "Коопсуз шаарды" ишке киргизүүнүн башкы себеби Кыргызстандагы жол кырсыктарынын жана андагы адам өлүмүнүн санын кыскартуу болуп саналат. Алсак, Бишкектин жолдорундагы адам өлүмү 52,9%, Чүй облусунда 37,2%, ал эми республика боюнча 21,5 пайызга кыскарды", - деп билдирди ал.

Төраганын орун басары кошумчалагандай, "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ал Кыргызстандын 7 облусун, республикалык маанидеги 2 шаарды, облустук жана райондук маанидеги 15 шаарды, 73 калктуу пунктту камтыйт.

Жыл башынан бери 1,4 миң өрт катталган

Быйыл, өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу өрт кырсыктары азайган. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматовдун айтымында, Кыргызстанда жыл башынан бери 1 миң 403 өрт катталган. Ал эми былтыр ушул эле мезгилге карата 1 миң 646 учур болгон.

"Быйыл тилсиз жоодон 29 адамды куткарып калдык, 25 адам каза болду", - деп кошумчалады ал.

Ахматов 2017-2018-жылдары көп өрт катталгандыгын эске салып, анын арасында ири өрттөр да болгондугун билдирди.

"Эсиңиздерде болсо, мурда соода борборлорунда жана соода түйүндөрүндө өрт катталган. Быйыл андай учур катталган жок. Биз Мамэкотехинспекция менен биргеликте базарлардагы өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча текшерүү иштерин жүргүзүп жатабыз", - деп кошумчалады ал.

Кыргызстандык спортчулар 371 медаль

Кыргызстандык спортчулар жылдан-жылга жакшы натыйжаларды көрсөтүп, ири деген мелдеште алдыңкы орундарды ээлеп келишет. Быйыл кыргызстандык спортчулар алты ай аралыгында ар кыл мелдештерде 371 медаль багындырышкан. Алардын ичинен 97си алтын, 100 күмүш жана 174 коло медаль болгон.

Белгилүү болгондой, көптөгөн спортчулар Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү болууну көздөп келишет. Келерки Олимпиада оюндары 2020-жылы Токиодо өтөт. Кыргызстан ага катышуу үчүн спорттун 13 түрү боюнча 21 лицензия алууну максат кылып жатат.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов билдиргендей, алардын ичинен спорттун 6 түрү боюнча лицензия алып, байгелүү болууга мүмкүнчүлүктөр бар.

"Грек-рим күрөшүндө 3, эркин күрөш – 2, кыз-келиндер күрөшү – 1, дзюдо – 2, жеңил атлетика – 4, бокс – 1, оор атлетика – 1, сууда сүзүү – 2, заманбап беш жарыш – 1, ок атуу – 1, жаа атуу – 1, кайыкта сүзүү – 1, фехтованиеде 1 лицензия алуу пландалууда", - деди.

Пикир

Оставить комментарий