• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Апта: Карызды кайтаруу, жарым миллион паспорт, космосту багындырууну көздөгөн кыргызстандык кыздар

Аналитика 0

Бул апта да кызыктуу жаңылыктарга мол болду. Аптанын айрым урунттуу жаңылыктарын сунуштайбыз.

Беш айда мамлекеттик карызга кеткен миллиарддар

Кыргызстандын тышкы карызы дээрлик 4,5 млрд. доллар экени маалым. Жылда мамлекет аны жабууга ири өлчөмдөгү каражат жумшап келет.

Маселен, быйыл 5 айдын ичинде (январь-май) Каржы министрлигинин билдиргени боюнча, өлкөнүн мамлекеттик карызын тейлөөгө 10 млрд. 684 млн. 246,6 миң сом жумшалган.

Анын ичинде:

- тышкы карыз боюнча – 5 млрд. 627 млн. 830,8 миң сом;

- ички карыз боюнча – 5 млрд. 56 млн. 415,9 миң сом.

Космосту багындырууну көздөгөн кыргызстандык кыздар

Жакында эле Бишкекке АКШнын аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө улуттук башкармалыгынын (NASA) инженери Камилл Уордроп Аллейн келген. "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында NASA инженери өзү жана космоско жандоочту (спутник) учурууну көздөгөн кыргызстандык кыздар тууралуу айтып берди.

Анын келиши "Апполон-11" миссиясынын 50-жылдыгынын белгилениши менен байланышкан.

"Мен 25 жылдык эмгек жолумду жандоочторду курууга, учуучу аппараттардын дизайнына жумшадым. Бир нече илимий даража алдым. Мен коммерциялык директордун орун басары болом. Адамды Айга жеткирүү боюнча иштеп жатабыз. Айдын кыртышын изилдөө боюнча жеке компания жана башка уюмдар менен кызматташабыз. Максатыбыз - 2024-жылга карата кайрадан адамды Айга жеткирүү", - деди ал.

Доктор Аллейн, жандооч түзүү жана иштеп чыгуу боюнча алектенип жаткан кыргызстандык кыздар тууралуу айта кетти.

"Жандоочту түзүү жана учуруу кыйынга турат. Дүйнөдө алгач ирет кыздардын кичинекей тобу чакан спутникти учурууга кам көрүүдө. Топ бир гана кыздардан турган учур биринчи жолу болууда". - деди ал.

Кыргыз космостук программанын жетекчиси Кызжибек Батырканова NASA инженери менен болгон сабак учурунда алар көп жаңы нерсе биле алышканын айтты.

"Биздин топто 18-25 жаштагы сегиз кыз бар. Көптөрү окуу жайларда билим алышат. Мектепти быйыл аяктаган эки окуучу бар", - деди ал.

Батырканова билдиргендей, жандоочту ушул жылдын аягына чейин учурууну көздөп жатышкан. Бирок ал көп убакытты талап кылат экен.

"Башында ушул жылдын аягына чейин жандоочту учурууну пландап жатканбыз. Чынында бул процесс көп убакытты алат экен. Рынокту изилдеп жатабыз. Эки жыл аралыгында ишке ашырууну көздөп жатабыз", - деди ал.

Алдыда Камил Уордроп Аллейн Билим берүү жана илим министрлигинин, Илимдер Академиясынын изилдөөчүлөрү, жаштар ж.б. жолугушат.

Жарым миллион паспорт

Жыл башынан бери Мамлекеттик каттоо кызматы 520 миң 210 паспорт даярдаган. Бул тууралуу Каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, даярдалган жарым миллион паспорттун ичинде e-ID карт, жалпы жарандык, дипломатиялык жана кызмат паспорттору бар.

Аны менен бирге Мамбетов, жалпы жарандык паспорттун саны жетиштүү экенин белгилеп өттү.

Мамбетов биометрикалык паспортторду алуу тендери боюнча маселеге токтолуп, ал Бишкек шаардык сотунда кароодо экенин айтып, бирок ал боюнча пикирин айткан жок.

"Эл кедергисиз алуусу үчүн паспорттордун саны жетиштүү. Башкача айтканда чектөө жок. 226 миң даана бар. Ал жыл аягына чейин жетет", - деди ал.

Мамбеов белгилегендей, De La Rue компаниясы менен 500 миң паспорт алуу боюнча кошумча келишим түзүлгөн. Ошону менен ал De La Rue компаниясы менен түзүлгөн он экинчи келишим болууда.

"Мындай документке кол коюу мыйзамга каршы келбейт", - деди ал.

Ким Ки Дук маңкуртчулук темасында тасма тартат

Жакында эле Кыргызстанга белгилүү кореялык кинорежиссер Ким Ки Дук келген. Ал өлкөбүздө 10 күн жүрүп, Ысык-Көлгө да бармакчы.

Аны менен бирге ал Кыргызстандын кино тармагында иштеген чыгармачыл адамдары менен жолугууда.

Бейшемби, 11-июль күнү ал Ч. Айтматов атындагы Кино үйүнө барып, Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев менен жолугушкан.

Сүйлөшүү учурунда Бектеналиев анын күйөрмандары жолугушуу өткөрүүнү, ал эми журналисттер режиссер менен интервью уюштуруп берүү боюнча кайрылып жатканын айткан.

Ким Ки Дук ага ыраазычылык билдирип, жеке сапар менен келгендиктен интервью бербей тургандыгын билдирген.

Ошол эле учурда Ким Ки Дук маңкуртчулук темасында тасма тартууну көздөп жатканын билдирген. Ал маңкурт тууралуу сценарий жазганын жана тасма тартуу оюнда бар экенин айткан.

"Бир ирет Россиядагы кинофестивалдардын биринде ал түркмөн режиссеру Хожагули Нарлиев менен таанышып, анын "Маңкурт" аттуу тасмасын көргөн. Ким Ки Дук тасма менен маңкурттун образына таң берген. Маңкурт тууралуу уламыш Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романынын бир бөлүгү экенин билген. Маңкуртчулук темасы аны катуу таң калтыргандыктан ал сценарий жазууну чечкен. Анда ал заманбап дүйнөнүн курч маселелерин өзүнүн көз карашы менен тартуулагысы келет". - деп билдиришти Кинематографияны өнүктүрүү фондунан.

Ким Ки Дук, алдыда Кыргызстанда тасма тартып калышы мүмкүн экенин билдирген. Ал эми Бектеналиев кыргыз тарап ага көмөк көрсөтөрүн белгилеген.

Белгилей кетсек, Ким Ки Дук Кыргызстанга 9-июль күнү келген. Ал "Ээн үй", "Жаз, жай, күз, кыш... кайра жаз" ж.б. тасмаларды тарткан. Ал дүйнөгө аты чыккан режиссерлордун бири.

Эскерте кетсек буга чейин атактуу сербиялык кинорежиссер Эмир Кустурица Айтматовдун чыгармасынын негизинде Чыңгызхан тууралуу тасма тартарын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий