• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Апта: кол тийбестикти алуу, "уурдалып"-уурдалбаган балта, өлкөдөгү пенсионерлер жана жумушсуздар

Коом 0

Бул жума жаңылыктарга бай болду. Өлкөдөгү саясый абал коомчулук арасында кызуу талкууга алынды. Анткени парламентте экс-президент Алмабек Атамбаевдин кол тийбестик макамын алуу маселеси каралды.

Кол тийбестикти алуу

Жогорку Кеңеште көпчүлүк депутаттар өткөн жумада түзүлгөн экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестик макамын алуу боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун колдоп берди. Жүз депутат “макул” жана бешөө “каршы” добуш берди.

Убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусуна ылайык, мурунку мамлекет башчысына алты пункт боюнча айып тагылышы мүмкүн.

Депутаттардын алдында атайын депутаттык комиссиянын жетекчиси Каныбек Иманалиев комиссиянын корутундусун окуду.

Комиссиянын пикири боюнча, мурунку президент бийлик бутактарынын ишине кийлигишип, атаандаштарын куугунтукка алган жана уюшкан кылмыштуу топту түзгөн деп шектенүүгө негиз бар. Мурунку президент ММКнын сөз эркиндигин чектеген жана кээ бир журналист жана редакцияларга коюлган миллиондогон доо арызды утуп келген.

Комиссиянын билдиргенине ылайык, мурунку мамлекет башчы Бишкек ЖЭБинде жана башка ири объектилерде өткөн коррупциялык тендерлерге жана кримтөбөл А.Батукаевди мыйзамсыз бошотууга тиешеси болгон деп шектенүүгө негиз бар.

“Комиссия корутундуну укук-коргоо органдарына өткөрүп берет. Ошондой эле орган өкүлдөрү кабарлагандай, Атамбаев тиешеси бар иштер өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп каралат. Комиссиянын оюу боюнча корутунду күмөн жаратпайт”, - деп кошумчалады Иманалиев.

Эске сала кетсек, буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков “КРнын президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги тууралуу” мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, экс-президенттердин мамлекет башчы учурундагы аракеттери же аракетсиздиктери үчүн, Башкы прокуратура тарабынан келтирилген айыптоо жана парламенттин көпчүлүгүнүн колдоосу менен кол тийбестик алынгандан кийин аларды жоопкерчиликке тартууга болот.

"Уурдалып"-уурдалбаган балта

Айрым ММК жана социалдык тармактарда бир милиция кызматкери "балта уурдады" деген жаңылык чыгып, анын видеосу да тараган. Ага карата көпчүлүктө нараазычылык жаралып, сындар айтыла баштаган. Бул боюнча Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирүү жасап, кафеден балтаны "уурдады" деп айтылган милиция кызматкери балтаны ээсинен сурап алганын айтып чыкты.

Шаардык милициянын билдиргени боюнча, бул жагдай боюнча текшерүү жүрүп, анын жыйынтыгында аныкталгандай, видео Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун өлкө башчыларынын жыйыны өтүп, милиция кызматкерлери коноктордун жана жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти көзөмөл жүргүзүп жаткан маалда тартылган. Ал күндөрү милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, жолдордун боюнда күнү-түнү күзөттө турган.

Ошол кызмат өтөө учурунда милиция кызматкерлери жолдун боюнда жайгашкан кафе ээсине кайрылып, отун жаруу үчүн балта жана тамак жылытып алууну суранышкан. Кафе ээси макул болуп, шаймандар турган жерге барып балтаны алууга уруксат берген. Милиция кызматкери балтаны тапкандан кийин элдерди жана кафенин конокторун чочутпаш үчүн аны жеңине катып алып чыккан.

“Бир аз убакыттан кийин кызматкер балтаны алып келип берген. Кафенин жетекчиси милиция кызматкерине кызматы үчүн ыраазычылык билдирип, кандайдыр бир жардам керек болсо кайрыла аларын айткан”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда 650 миңден ашык пенсионер бар

2019-жылдын 1-январына карата пенсия алган адамдардын саны республика боюнча 651,2 миңди түзгөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев билдирди.

Ал белгилегендей, 2019-жылдын 1-январына карата пенсиянын орточо көлөмү 5 миң 404 сомду түзгөн.

“Анын ичинен 322,3 миң адам же 49%ы пенсияны “Кыргызпочтасы” МИ филиалдары аркылуу алса, банктар аркылуу 328,8 миң адам алган. 2017-жылга салыштырмалуу пенсионерлердин саны 17,3 миң адамга көбөйгөн”, - деди ал.

Аны менен бирге ал, эң көп канча пенсия берилерин жана аны кимдер аларын айтып берди. Анын айтымында Кыргызстанда эң көп пенсия 40 миң сомду түзөт жана эң көп пенсияны соттор алат. Ал суммага баардык кошумча төлөмдөр кирип, кошумча төлөмдөр берилген пенсиянын 60%ын түзөт.

“Башкача айтканда, алардын пенсиясы 15-20 миңди түзүшү мүмкүн”, - деди ал.

Андан тышкары Соцфонддун башчысы белгилегендей, атайын персоналдык пенсионерлердин категориясы бар. Алардын катарында жогорку саясий кызматтарды ээлегендер, баатырлар, сыйлык ээлери, баардык тармактын эмгек сиңирген ишмерлери, депутаттар да болгон.

Бирок, Ирсалиевдин айтымында, 2015-жылы персоналдык пенсионер аттуу түшүнүк алынып салынган. Ошондуктан азыр пенсия чегерүүлөргө жана эмгек тажрыйбасына жараша төлөнөт.

Ошентсе да бүгүнкү күндө персоналдык пенсияны 2,3 миң адам алат.

Ошону менен бирге Медер Ирсалиев билдиргендей, эмгек тажрыйба жана чегерүүлөргө жараша эң көп пенсия 20 миң сомду түзөт. Мындай пенсияны алгандар жалпы пенсионерлердин санынын 0,2%ын түзөт.

Белгилей кетсек, пенсияга кошумча төлөмдөр республикалык бюджеттин эсебинен төлөнөт.

156 миң жумушсуз

Кыргызстанда 15 жана андан улуу жаштагы жумушсуз жүргөн адамдардын саны 156 миңди түзүп, жумушсуздуктун деңгээли 6,2% болгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Статистика комитетинин маалыматы боюнча, жумушсуздуктун деңгээли Баткен (9,0%), Нарын (8,8%), Ысык-Көл (8,4%), Чүй (7,3%) облустарында жана Бишкек шаарында (6,6%) көп болгон.

Башка облустарда жумушсуздуктун деңгээли төмөн болгон. Жумушсуздуктун эң төмөн деңгээли Талас (2,5%) жана Ош (3,0%) облустарында белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий