• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Апта: Контейнер мектеп, өзгөчө мыкаачылык менен сабалган жарандар, Кумтөргө жер берилгенби?

Аналитика 0

Өтүп жаткан жума өзгөчө жана абдан кызыктуу жаңылыктарга мол болду. Бул жума, билим күнү менен башталып ошол жаатта да бир топ позитивдүү жана чуу жараткан жаңылыктар менен коштолду. Ошондой эле Кумтөр кенинде жүрүп жаткан иштер, укук-коргоо чөйрөсүндөгү жаңылыктар да коомчулуктун назарын өзүнө бурду.

Кененирээк токтолсок..

Билим күнү

2-сентябрь өлкөдө билим күнү белгиленип, окуу жылы башталды. Ошол күнү Бишкек шаарында жаңы мектеп ачылды. Аталган мектеп “Газпром Кыргызстан” компаниясы тарабынан каржыланган. Жалпы билим берүү мектеби «Газпром — балдарга» долбоорунун алкагында курулуп, 960 окуучулук орунга эсептелген. Мектеп акыркы талаптарга жооп берип, ичинде бир нече спорттук зал, актылык зал, бассейн жана заманбап технологиялар менен жабдылган. Мектепти ачуу аземине өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков өзү катышкан.

Президент - Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет, деди.

Мамлекет башчысы окуучуларды Билим күнү жана жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады. “Россия менен бизди өзгөчө ишенимдүү мамилелер байланыштырып турат. Ал мамилелер тарыхый, салт болуп калган достук, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүккө негизделген. Россия биздин жакын досубуз, ишенимдүү союздашыбыз жана стратегиялык өнөктөшүбүз. Биз Россия менен болгон байланыштарыбызды жогору баалайбыз», — деп белгиледи Жээнбеков.

Ал ачылып жаткан мектеп билим берүү жаатындагы алгачкы биргелешкен кыргыз-россиялык чоң долбоор экенин кошумчалады жана өлкөнүн аймактарында ушул сыяктуу билим берүү мекемелери көбөйө берет деген үмүтүн билдирди.

Ажо Сооронбай Жээнбеков мектептин педагогдор жамаатына жооптуу иште кайрат-күч, чыдамкайлык жана акылмандык, ал эми балдарга бекем ден соолук жана жакшы окууну каалады.

Ошол эле күнү Нарын облусунун Кеңеш айылында дагы бир мектеп ачылды. Бирок, бул мектеп коомчулукка чуу салып, көп талкуу жаратты. Ал мектеп үч темир контейнерден турат.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына ылайык, Кеңеш айылындагы мектептин имаратынын эскилиги жеткендиктен жана балдар менен мугалимдердин өмүрүнө коркунуч жаратпоо, окуу процессин үзгүлтүккө учуратпоо максатында окуучулар мобилдик үйлөрдө билим алууда.

"Биз окууну клубдун имаратында убактылуу жүргүзүүнү пландаштырганбыз. Бирок, ал дагы авариялык абалда турат. Коопсуздук максатында балдарды убактылуу мобилдик үйлөргө жайгаштыруу чечими кабыл алынган. Суук түшкөндө балдар кыш мезгилинде окутууга кыйла ылайыктуу башка жерге которулат. Кеңеш айылында жаңы мектеп жакынкы мезгилдерде курулмакчы", – деди өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева.

Ал билим алып жаткан балдар суук түшкөндө башка жакка которулат, деп ишендирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга чейин Кеңеш айылындагы эски мектептин имаратынын эскилиги жеткен деген тыянак чыгарган. Анда 160 бала окуйт жана авариялык абалда турат.

Мындай контейнер-мектеп тууралуу жаңылыктан көп өтпөй Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева жана өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Каипов ээлеген кызматтарынан бошотулган.

Кой-Таштагы окуяны иликтөө

2019-жылдын 7 жана 8-августунда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын биринчи жыйыны өттү.

Мамлекеттик комиссиянын төрагасы болгон КРнын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков белгилегендей, комиссия мүчөлөрү болуп өткөн окуянын бардык жагдайларын объективдүү жана калыс иликтеп чыгып, бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берүү үчүн корутунду даярдоого тийиш.

Жыйындын жүрүшүндө комиссия мүчөсү, коомдук ишмер Турсунбек Акун өзүнүн мүчөлүгүнө каршы чыкты. Ал адеп-ахлактык жана бир катар себептерден улам, аны менен бирге криминалдык төбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу жөнүндө кылмыш иши боюнча күбө катары болгондугуна байланыштуу комиссиянын ишине катыша албай турганын билдирди.

2019-жылдын 7 жана 8-августунда Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү комиссиянын ишинин регламентин жана иш-чаралар планын талкуулап, бекитишти жана комиссиянын катчылыгы түзүлдү.

Мамкомиссиянын мүчөлөрү 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуялардын себептерин жана шарттарын иликтөө боюнча эки жумушчу топ түзүү чечимин кабыл алышты.

Кумтөргө коруктагы 16 миң гектар жер кайтарылып берилгенби?

“Сары-Чат - Ээр-Таш” мамлекеттик коругуна кирген 16 миң гектар жер аянты “Кумтөр” долбооруна кен казууга кайтарылып берилгени тууралуу маалымат туура эмес.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов маалымдагандай, өкмөткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жана Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык кен ишканасына жер аянтынын кайтарылып берилгени тууралуу маалымат да чындыкка дал келбейт.

“Коруктун аймагында геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн эмес жана жүргүзүлбөйт дагы. Сөз болуп жаткан 16 миң га жер “Сары-Чат - Ээр-Таш” коругуна кирбейт. 2013-жылдан бери коруктун чек арасы өзгөртүлгөн эмес. Буга байланыштуу баарыңыздарды ММКларда жана социалдык тармактарда тараган ар бир маалыматтын аныктыгына көңүл буруп, ошондон кийин гана тыянак чыгарууга чакырам. Ошону менен бирге кыргыз өкмөтү үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы жогору турарын белгилеп кетким келет”, - дейт ал.

Эсенгуловдун маалымадагандай, 1994-жылы 10 миң гектар; - 1997-жылы 26 660 гектар; - 2005-жылы корректировка болуп 26 300 гектарды түзгөн; - 2009-жылы кайрадан толуктоолор киргизилип 26 400 гектар деп толукталган.

«Учурда ушул бойдон эле. Өкмөт Кумтөр боюнча буга чейин кол коюлган макулдашуу боюнча жаңы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Баса белгилей кетүүчү нерсе, күчүнө кирген Стратегиялык макулдашууда жер маселеси тууралуу каралган эмес жана сөз да болгон жок (Юстиция министрлигинин сайтынан жана токтом базасынан келишим менен таанышсаңыздар болот. Анда финансылык келип түшүүлөрдүн мурдагы суммасы 87 млн. доллардан дагы 150 млн. долларга чейин көбөйтүлгөн. Демек, учурдагы өкмөт Кумтөр боюнча стратегиялык макулдашуунун шарттарын жакшыртууга жетишип, аны менен бирге өзүбүзгө бир дагы кошумча милдеттенме алган жок», - дейт Эсенгулов.

Сокулукта 14 жашар кыз көз жарды

Чүй облусунун Сокулук районунда зордуктоого шектүү деп 53 жаштагы эркек киши кармалган.

Чүй облустук милициясынын маалыматына ылайык, милицияга 29-август күнү Сокулук районунун айылдарынын биринде өспүрүм кыз өзүнүн атасынан бала төрөгөндүгү жана кийин ымыркай башка адамдарга асыроого берилгендиги тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, 2005-жылы туулган кыз көз жарып, ымыркайды башка үй-бүлө багып алгандыгы тууралуу фактылар тастыкталган.

“Ал эми кыздын атасы 1966-жылы туулган А.М., аттуу жаран Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси (зордуктоо) боюнча шектүү деп табылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Азыркы учурда баардык тиешелүү экспертизалар дайындалган”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Мыкаачылык

Бишкек шаарынын Ленин райондук милиция бөлүмүнө арыз менен Д.М., аттуу жаран кайрылган. Ал арызында, 28-август күнү саат 07:00 чамаларында Жал кичи районунун Ахунбаев-Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар анын жолдошун сабап кеткендигин айтып, чара көрүүну суранган. Алган жаракаттардын жыйынтыгында 1988-жылкы М.А., аттуу жаран Улуттук госпиталга жеткирилген. Ошол эле ооруканага жаңжалдын жыйынтыгында 1988-ж.т. Б.У., аттуу жаран да жеткирилген.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында адам сабоо фактысы боюнча 1985-жылкы Бапышев Жаныбек Сеитбекович менен 1999-жылкы Сеитбеков Калысбек Сеитбекович шектүү катары аныкталган.

Бүгүн таңкы саат төрттө Бишкек шаардык милиция башкармалыгына эки шектүү тең келген. Алар шаардык убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бишкек ШИИБдин тергөө кызматынын жетекчиси Нурлан Утемисов брифинг учурунда шектүүлөр өздөрү милиция бөлүмүнө келишкен эмес, деп билдирди.

Анын айтуусу боюнча, жактоочу да, шектүүлөр өздөрү да көрсөтмө берүүдөн баш тартышууда.

Пикир

Оставить комментарий