• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Апта: Кыргыз милициясына 95 жыл, уран казууга тыюу салуу, Бишкекте жылуулук бериле баштады

Коом 0

Аяктап бара жаткан аптада коомдун назарын өзүнө буруп, талкууга алынган бир катар окуялар болду: кайгуул милициясынын иштей башташы, уран казууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорунун жактырылышы жана Бишкекке жылуулуктун берилиши ж.б.

Кыргыз милициясынын 95 жылдыгы

Кыргызстанда 1-ноябрь күнү кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгы белгиленди. Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүп, ага президент Сооронбай Жээнбеков катышты.

Иш-чарада президент сөз сүйлөп, милиция кызматкерлеринин жумушу жоопкерчиликтүү жана ардактуу иш экенин белгиледи.

«Бул абдан олуттуу, жоопкерчиликтүү жана ардактуу иш. Өзүнүн дээрлик бир кылымга созулган узак жолунда милиция бул ишти ар намыс менен аткарып келди, элдин ишенимин актады», - деп ал.

Ошондой эле президент ички иштер органдарынын бир катар кызматкерлерине кызматтык милдетин үлгүлүү аткаргандыгы, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөшүү ишине жана коомдук тартипти камсыздоого кошкон олуттуу салымы үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Сыйлык алгандардын арасында Чүй облустук милициянын башчысы Самат Курманкулов да бар. Ал “Эрдик” медалы менен сыйланды.

Эскерте кетсек, Курманкулов 7-август күнү Кой-Ташта болгон окуя маалында башынан жаракат алган.

"Жөө күлүк"

Режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Жөө күлүк" тасмасы Мароккодо өтө турган эл аралык автордук тасмалардын фестивалынын сынактан тышкаркы бөлүгүндө көрсөтүлөт.

Кинофестиваль 16-20-ноябрь күндөрү Марокконун борбору Рабат шаарында болуп өтүп, көрүүчүлөргө жалпы 70ке жакын тасма көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, жыл сайын өтүүчү бул автордук тасмалардын фестивалы 1994-жылы негизделген.

Уранды казууга тыюу салуу

Жогорку Кеңеш "Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо максатында жер казынасын геологиялык изилдөө жана иштетүү менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө" мыйзам долбоорун үч окууда жактырды.

Мыйзамды кабыл алуу 110 депутат колдоп, депутат Азамат Арапбаев гана каршы добуш берди.

Мыйзам долбоору республиканын баардык аймагында уран, торий кендерин чалгындоо максатында жер казынасын геологиялык изилдөө жана иштетүү менен байланышкан иштерге тыюу салат. Бул мыйзам күчүнө кирген күндөн тарта буга чейин берилген лицензиялардын иши токтотулат.

Эскерте кетсек, эл буга чейин жаз айларында эл уран кенин иштетүүгө каршы экендигин билдирип чыккан.

Бишкекте жылуулук бериле баштады

Бишкек мэриясынын буйругуна ылайык, 1-ноябрдан тарта Бишкек шаарынын тургундарына жылуулук бериле баштады. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук түйүндөрү" ААКсынан билдиришти.

"Бишкек жылуулук түйүндөрү" ААКсынан белгилешкендей, шаардагы баардык объекттерди жылуулукка кошуу бир нече күн созулат. Биринчи кезекте жылуулук мектеп, оорукана, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Андан кийин жылуулук, карызы жок турак жайларга, өндүрүш ишканаларына жана мекемелерге берилет. Ал эми карызы бар мекемелерге жылуулук акыркы болуп берилет.

Бишкекте Кайгуул милициясы иштей баштады

Бейшемби, 31-октябрь күнү Бишкекте Кайгуул милициясы иштей баштады. Кайгуул милициясы шаардагы коомдук тартип, коопсуздук, ошондой эле жолдогу коопсуздукту карайт.

Жол коопсуздугуна жооптуу ички иштер органдарын реформалоо боюнча жумушчу топтун жетекчиси Темирлан Ибраимов билдиргендей, кайгуул кызматына учурдагы милиция кызматкерлери менен катар мурда ички иштер органдарында иштебеген жарандар да тандалып алынган.

"Кайгуул милициясы шаардагы коопсуздукту, анын менен бирге жолдордогу коопсуздукту карайт. Учурда кызматкерлердин 30%ы жарандардын арасынан тандалып алынды. Кызматкерлерди окутуу учурунда алардын жарандарга жасаган сылык мамилеси, физикалык жана психологиялык даярдыгы, кыйын абалдардагы жүрүм-туруму, техникалык каражаттарды колдоно билгендигине көңүл бурулду", - дейт ал.

Ибраимов билдиргендей, Кайгуул милициясынын кызматкерлеринин маянасы да жогору болот. Мурда катардагы кызматкер 10-11 миң сом алса, азыр 20-21 миң сом алмакчы.

Кайгуул кызматында 800дөн ашык киши иштемекчи. Учурда 600 жакын адам тандалып алынган.

Пикир

Оставить комментарий