• 82.28
  • 86.3
  • 1.28

Апта: Кыргыз-тажик чек арасы, айып пулдар ээлерине жеткириле баштады

Коом 0

Дүйнөдөгү бир топ мамлекеттин тактала элек талаштуу деген чек ара маселеси бар. Чек ара чектери так чийилип, аны көрсөтүп турган белгилери жок учурда ошол жерде жашаган жашоочулар ортосунда пикир келишпестик орун алып турат. Бул маселе Кыргызстанда да бар болуп, кылдаттыкты талап кылган маселелердин бири. Себеби, анын айынан кошуна мамлекеттер менен бир катар чырдашуулар да болгон. Бул аптада кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжал чечиле элек чек ара маселеси бар экенин эске түшүрдү.

Кыргыз-тажик чек арасы

Маселен, 13-март күнү кыргыз-тажик чек арасында Кожогар аймагында Баткен облусунун Аксай айылы менен Тажикстандын Мехнатабад айылынын жашоочулары ортосунда жаңжал чыккан. Ал Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна байланыштуу болгон. Кыргызстан жол иштерин жүргүзүп жатканына Тажикстандын жарандары тактала элек тилкеде жол салынууда деп нааразы болуп чыгышкан.

Анын жыйынтыгында эки өлкөнүн чек арасында 200гө чукул адам чогулуп, кайым айтышуулардан кийин бири-бирине таш ыргыта баштаган. Окуя жерине эки өлкөнүн чек арачылары келип, чырды токтотуп калышкан.

Андан кийин Кыргызстандын жарандары Ак-Сай айылындагы жолду жаап салса, ошол эле учурда тажик жарандары Төрт-Көчөдөгү жолду тосушкан.

Кечки саат 20:30да кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал күчөп, жыйынтыгында тажик жарандары Баткен районунун Ортобоз айылындагы жергиликтүү жашоочунун сарайын өрттөп салышкан.

Аны менен катар Тажикстан тараптын билдирүүлөрү боюнча, алардын жаранынын кампасы өрттөлгөн.

Чек арада чыр чыккандан бери бир топ адам жаракат алган. Ок же таш тийип жаракат алгандар, ал гана эмес каза болгондор бар экени айтылууда. Маселен, Кыргызстандан үч адам ок тийип жаракат алса, кошуна тараптын билдиргени боюнча, алардан эки адам каза тапкан, ошондой эле октон жаракат алгандар бар.

Учурда чек арадагы абал туруктуу бойдон сакталууда. Бүгүн түнү чек арада топтошкон эл байкалган эмес.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы маселени чечүү үчүн эки өлкөнүн бийлик жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Кыргызстандан ал сүйлөшүүлөргө вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков баштаган топ жана Тажикстан тараптан кошуна өлкөнүн вице-премьер-министри Азим Иброхим баштаган өкүлдөр катышууда.

Ошондой эле, бул жагдайды президент Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон сүйлөшүп, кылымдардан бери ынтымакта жашап келе жаткан эл тынчтыкта жана достукта гана жашашы керек деген пикирин айтышкан.

Коопсуз суу

Ичкен суу менен тамак-аштын сапаты, абанын тазалыгы – адам ден-соолугунун кепилдиги. Кыргызстан суу башында турган өлкө, үйүбүзгө берилип жаткан ичүүчү сууну коркпой ичсе болот деп келебиз. Бирок, америкалык Оорууларды көзөмөлдөө жана профилактика борборунун изилдөөсү боюнча, Кыргызстан "суу куурлардан берилген суусу ичүүгө кооптуу" деген мамлекеттердин катарына кирген.

Ал тизмеде 187 мамлекет бар. Аталган көрсөткүч боюнча Кыргызстан Борбордук Америка, Африка, Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен бир катарда турат.

Аты аталган аймактарда куурлардан келген суу булганганынан эмес, адамдын иммундук системасына жат келип оруу пайда кылуучу микроорганизмдердин бар болгону менен кооптуу деп айтылат.

Алардын изилдөөсү боюнча, АКШ, Улуу Британия, Канада, Австралия, Япония, Сауд Арабиясы, Европа биримдигинин бир катар өлкөлөрүндө чоргодогу сууну кооптонуусуз ичүүгө болот.

Бирок ошол эле маалда Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Төлө Исаков, Кыргызстандагы ичүүчү суу коопсуз экенин айтып чыкты.

Анын айтымында, элге берилген суу Орто Азия, ал гана эмес мурдагы СССР өлкөлөрүнүн ичинен коопсуз деп саналат.

Элге берилген суунун басымдуу бөлүгү жер алдынан алынып, алардын тереңдиги 300 метрге чейин жетет.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэриясы да элге берилген суу баардык талаптарга жооп берерин жана анда зыяндуу эч нерсе жок экенин билдирди.

"Үйүңүзгө берилген ичүүчү сууну кооптонбой ичүүгө болот. Анда ден-соолукка зыян алып келе турган эч нерсе жок. Ичүүчү суунун сапаты талаптарга ылайык текшерилип турат", - деп билдирет шаар мэриясы.

Коопсуз шаар: айып пулдар ээлерин жеткириле баштады

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жол эреже бузган айдоочуларга айып пулдун каттары жөнөтүлө баштады. Жол коопсуздугу башкармалыгы билдиргендей, 4-марттан баштап жол эрежесин бузуу жөнүндө 12 миң 734 токтом иштелип чыккан. Анын ичинен 5 миң 686сы дарегине жеткирүү үчүн почта мекемесине өткөрүп берилген.

Баарыбыз билгендей, жол эрежесин бузган айдоочуларга айып пулдар 4-марттан тарта жазыла баштайт. Ага чейин - 12-февралдан 4-мартка чейин жол эрежесин бузгандар айып пулга жыгылбайт. Анын себеби, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын айып пулду 15 күн аралыгында төлөгөндөргө 50% арзандатуу берүү сунушу болгон. Тагыраагы, эгер долбоор ишке киргенден тарта айып пул жазылса, 4-мартка чейин эреже бузгандар 50%дык жеңилдикти ала алмак эмес. Мындан улам, баарына тең шарттар болушу үчүн айып пулду 4-марттан баштап жазып берүү чечими чыгарылган.

Ошентсе да, баардык эле жол эреже бузууларына жеңилдик каралган эмес. Маселен, унаасын мас абалында же унаасынын техникалык мүчүлүштүктөрү болуп, тыюу салынганына карабай унаасын башкаргандар айып пулду толугу менен төлөшөт. Антип жеңилдик каралбаган үч-төрт берене бар.

Ушул жерден бир жагымдуу жаңылыкты айтып коюу керек, аталган башкармалыктын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов белгилегендей, март айынын башынан бери жол кырсыктарынын азайышы байкалган.

Жашоо шарты жакшы шаарлар: Бишкек 231 орундун ичинен 211-орунду алды

Ар бир адамга өзүнүн өсүп чоңойгон, жашаган жери кымбат. Себеби ал жер менен аны көп нерсе байланыштырып турат. Мисалы, "дүйнөдөгү эң кооз, жакшы шаар кайсы" деген суроого Бишкек шаарынын тургундарынын көбү өзүнүн Бишкек шаарын айтат. Бирок, биздин ал пикирибиз эл аралык уюмдардын аныктамаларына дайыма туура келе бербейт.

Жакында, Эл аралык консалтинг боюнча Mercer уюму жашоо шарты жакшы шаарлардын тизмесин жарыялаган. 13-март күнү чыккан тизмеге 231 шаар кирген.

Ал тизмеде борбор калаабыз Бишкекке 211-орун берилген. Кошуна Казакстандын Алмата шаары 181-орунда болсо, Өзбекстандын борбору – 201, Ашхабад – 206, Дүйшөнбү – 209. Астана шаары бул тизмеде көрсөтүлгөн эмес.

Ал эми, рейтингдин сап башында Австриянын борбору Вена, экинчи орунда Цюрих (Швейцария), үчүнчү орунда Ванкувер (Канада) турат.

Шарты жакшы шаарды аныктоодо алардын саясий, социалдык, экономикалык, маданий, медициналык, мектеп, коомдук унаа, тамактануучу жайлар, жашай турган үй, батирлердин сапаты жана экологиялык абалы эске алынган.

Пикир

Оставить комментарий