• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Апта: Лавровдун визити, Манас аэропортундагы бомба, “түкүрүккө” айыппулдун төмөндөшү

Коом 0

Февраль айынын биринчи жумасында мурункуларга салыштырмалуу маалымат талаасында тынч болду. Бирок коомчулуктун көңүлүн бурган маалыматтар болбой койгон жок. Атап айтканда Россиянын ТИМ башчысынын келиши, Манас аэропортунда бомба коюлду жана 2020-жылдан тарта баардык жарандар декларация тапшырууга мажбур болот деген маалматтар эл көңүлүн өзүнө бурган. Эмесе ар бирине кененирээк токтолсок...

Лавровдун КРга болгон иш сапары

Президент Сооронбай Жээнбеков 4-февралда Бишкекке расмий визит менен келген Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы стратегиялык кызматташуу жаңы деңгээлге көтөрүлгөндүгүн белгиледи.

«Биз россиялык досторубуз менен жолугушканга ар дайым кубанычтабыз. Сиздин расмий визитиңиз маанилүү саясий окуянын — Россиянын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик визитинин алдында өтүп жатат», — деп белгиледи Жээнбеков.

Президент өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү өсүп бара жатканын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелери, анын ичинде алдыда боло турган ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жана 2019-жылдагы Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын алкагындагы ЖККУнун жамааттык коопсуздук боюнча Кеңешинин жыйындары боюнча пикир алмашуу болду.

Андан тышкары Лавров Кыргыз-орус славян университетиндеги студент жана окутуучулар менен жолугушуусунда суроолорго жооп берип жатып: Кыргызстанда экинчи аскердик базаны ачуу биздин демилге эмес, деди.

Эскерте кетсек, 18-декабрда президент Сооронбай Жээнбековдун жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында россиялык "Интерфакс" агенттигинен Кыргызстандын түштүгүндө экинчи россиялык базаны ачуу боюнча сөздөр тууралуу суроо жаңырган. Мамлекет башчы ага кыска жооп берип, азырынча андай кадамдар керек эместигин билдирген.

Бирок Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов россиялык ТАСС басылмасында 1-февралда чыккан маегинде "дагы бир россиялык базанын ачылар же ачылбасы Кыргызстандын башчысынын жана тийиштүү күч түзүмдөрү жана мекемелердин көзөмөлүндө" экенин айткан.

Ошондой эле ал баса белгилегендей, бул маселе үстүбүздөгү жылдын март айында Владимир Путиндин Кыргызстанга күтүлүп жаткан мамлекеттик визитинин алкагында талкуулана турган күн тартибиндеги негизги темалардын бири болушу мүмкүн.

Ал эми Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Кыргызстанда экинчи россиялык аскер базасын ачуу маселеси президенттин же Коопсуздук кеңешинин деңгээлинде каралган эмес деп билдирген.

Лавров Кыргызстандан кийин Түркмөнстан менен Тажикстанга барып, бул өлкөлөрдүн жетекчилери менен жолугуусу пландалган.

Made in KG: Бишкекте экологиялык жактан таза автобустар пайда болот

"Окталион" ЖЧКсынын директору Бакыт Курманкожоев билдиргендей, бул маселе боюнча баардык техникалык маселелери дээрлик чечилген. Болгону практикалык бөлүгү калган.

"Биз чакан цех даярдап, ал жерде биринчи үлгүсүн түзүүнү пландап жатабыз. Автобустун бир заряды 70-80 чакырымга чейин эсептелген. Ал эми биздин жергиликтүү автобустардын бир тарапка каттамы 62 чакырымды түзөт. Биз жайкы жана кышкы режимдерди караштырганбыз. Ал атайын батарейкада - литий-титанат аккумуляторунда иштеп, болгону 6 мүнөттө заряддалат", - деди ал.

Автобус 40 орундук болуп, андан тышкары 20 адам туруп барууга ыңгайлаштырылган. Батарейкалар гана Кытайдан алынып, андан тышкаркы баардык жумуш автордук иш болууда.

Баарынан мурда автобустар биздин экологияны сактоо үчүн жасалып жатканын айтат.

"Манас" аэропортундагы бомба

"Манас" аэропортунда бомба коюлгандыгы тууралуу 5-февраль күнү билдирүү келип түшкөн.

Маалымат түшөөрү менен жерине ыкчам түрдө УКМК жана ИИМ кызматкерлери келишкен.

Жүргүнчүлөр менен кызматкерлер коопсуз жерге чыгарылып, аэропортто шектүү буюмду жана жардыруучу затты табуу боюнча тинтүү иштери жүргүзүлүп эч нерсе табылган эмес. Ошондой эле бомба коюлгандыгы тууралуу кабар берген адамды аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.

Ал эми Улуттук коопсуздук комитетинен "Манас" аэропортунда бомба бар деген билдирүү чет өлкөдөн келгендигин билдирген.

Ошол эле күнү "Ош" аэропортунда бомба катылгандыгы тууралуу билдирүү болгон.

Аэропорттун аймагында издөө-иликтөө иштери жүрүп, ошондой эле эч нерсе табылган эмес.

Табып Хашым Зайналиевдин ишмердиги

Табып Хашим Зайналиевдин ишмердиги мыйзамсыз деп табылышы мүмкүн. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирген.

Белгилүү болгондой, Зайналиевдин өзүнүн медициналык деген ишмердигин жүргүзүүгө лицензия берилген эмес жана андан улам анын ишмердигин эч ким көзөмөлгө алган эмес.

Ал учурда Кыргызстандын аймагында медициналык жана фармацевттик ишмердик жеке жана юридикалык тараптар тарабынан тийиштүү мамлекеттик органдары берген атайын уруксаттын (лицензия) негизинде жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу жана 2018-жылдын 25-декабрында табыпка карата козголгон кылмыш ишинин бар экенин эске алып Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасы Октябрь райондук сотуна Зайналиевдин ишмердигин мыйзамсыз деп табуу жана жеке медициналык иш жүргүзүүгө, лицензиясы жок дары-дармектерди ишмердигинде пайдаланууга тыюу салуу боюнча доо арыз берилген.

Учурда ал арыз каралууда.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 22-декабрында Зайналиевге карата 166-берене ("Алдамчылык") боюнча кылмыш иши ачылган. Ал кызматы үчүн 100 миң сом алганы, бирок анын кардарларынын бири каза болуп калганы аныкталган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө каза болгон аялдын арыз жазган тууганы доо коюудан баш тарткан. Мындан улам ал табып эч жакка кетпөө арызынын негизинде чыгарылган.

2020-жылдан тарта бардык кыргызстандыктар декларация тапшырышат

2020-жылдан тарта Кыргызстанда бардык жарандардын кирешеси (кыймылдуу (транспорт) кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү) жана чыгашасы жөнүндөгү мыйзам күчүнө кирет.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдиргендей, 2019-жылы жарандар өздөрүнүн киреше жана чыгашаларын жаза башташы керек. Анткени кийин аларды өздөрүнүн декларациясында көрсөтүшү керек болот.

Бүгүнкү күндө киреше жана чыгашалары тууралуу декларацияны мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлер тапшырат.

“Түкүрүк” үчүн айыппул 1000 сом болот

“Түкүрүк” үчүн айыппулдун өлчөмү 5,5 миңден 1 миңге чейин төмөндөйт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков парламентте билдирген.

Анын айтуусунда “түкүрүк” үчүн айыппул азыр 8-категориядан “бейбаштык” беренесиндеги 1-категорияга которулганын, айыппулдун өлчөмү 1000 сомду түзө турганын билдирди. “Өкмөт жаӊыдан күчүнө кирген укук коргоо жаатындагы ченемдик укук актыларына тийиштүү өзгөртүүлөрдү март айында парламенттин кароосуна киргизет. Мыйзамдарда көптөгөн кемчиликтер бар экен, азыр анын үстүндө иштеп жатабыз”, - деди ал.

Ошондой эле мыйзам долбоорунда айып пулду ар бир төлөнбөгөн күн үчүн пенясын 1%га көтөрүү сунушталат.

Ал эми депутат Рыскелди Момбеков коомчулукту дүрбөлөӊгө салган айтылуу “түкүрүк” үчүн 5,5 миӊ сом айыппул каралган жобонун кийинки тагдырына кызыкты. “Айыппулдун өлчөмү эч качан эмгек акыдан көп болбошу керек. Дегеле, мыйзамдан жанагы “түкүрүк” сыяктуу түшүнүктөрдү алып салыш керек, шылдыӊга калабыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий