• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Апта: Орозо, Жеңиш күнү, Атамбаевдин Исаковго доосу жок, Суталинов эркиндикке чыкты

Аналитика 0

Күн сайын жаңы окуялар болуп, жаңылыктын аркасынан жаңылыктар чыгып турат. Бул апта да окуяларга жыш болду: Орозо айы башталды, Жеңиш күнү белгиленди, Коопсуз шаардын жаңы камералары ишке кирди ж.б.

Орозо башталды

Ислам дининде ыйык айлардан болгон Орозо айы 6-май күнү башталды. Рамазан айы сабырдуулуктун, кечиримдүүлүктүн айы болуп саналат. Белгилүү болгондой, анда орозо кармагандар таң заардан күн батканга чейин тамак-аш, суу ичүүдөн, аны менен бирге жаман сөз, иштерден алыс болууга тийиш.

Аны менен бирге, Рамазан айында фитир-садаканын берилиши милдеттүү. Мындан улам, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы фитир-садака берүүнүн өлчөмүн эсептеп чыккан.

Фитир-садака киши башына 1 кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) же анын акчалай наркы берилет. Фитир-садаканын 2019-жылдагы баасы төмөнкүдөй бекитилген.

Буудай

Мейиз

Ун

Арпа

Курма

Орточо баа (1 кг)

21,87 сом

240 сом

25 сом

15 сом

150 сом

Өлчөм

1,600

1, 600

1, 600

3, 200

3, 200

Жалпы (Фитир-садаканын баасы)

35 сом

384 сом

40 сом

48 сом

480сом

Эскертүү: Фитир-садака берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел.

Бааларды туруксуздугуна байланыштуу, фитир-садаканы берген учурда 1 кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) баасына көңүл буруу керек.

Жеңиш күнү

Быйыл Жеңиш күнүнүн 74 жылдыгы белгиленүүдө. Ал күндү мурдагы Советтер Союзуна кирген бир катар өлкөлөр орток майрам катары майрамдап келет. Анын алкагында бир катар иш-чаралар уюштурулат. Бул жылы өлкөбүздө да 9-Май – Жеңиш күнү белгиленип, бир катар иш-чаралар өттү.

Тогузунчу май күнү мурда айтылгандай эле, акыркы жылдары Кыргызстанда да салт болуп келе жаткан "Өлбөс полктун" жүрүшү болуп өттү. Ага кыргызстандык жарандар өзүнүн аталарынын, туугандарынын сүрөттөрүн көтөрүп чыгып, Дайыр Асанов атындагы сейил бактан Жеңиш аянтына чейин жөө жүрүш менен басып келишти. Ал жүрүшкө президент Сооронбай Жээнбеков да катышып, ал өзүнүн чоң атасынын сүрөтүн көтөрүп чыкты.

Айтмакчы, уюштуруучулардын айтымында, бул жөө жүрүшкө 50 миңден ашык киши катышты.

Жүрүш Жеңиш аянтына чейин келип, ал жерде эскерүү митинги болуп өттү. Ага президент Сооронбай Жээнбеков, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Жогорку соттун төрайымы Гулбара Калиева, экс-президент Роза Отунбаева катышты. Түбөлүк отко гүлчамбар коюлуп, Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгондор бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерилди.

Мамлекет башчы сөз сүйлөп, анда биздин аталарыбыз жана чоң аталарыбыз өз өмүрүн аябастан кийинки муундарга эркиндик жана көз карандысыздык тартуулашканын, алардын теңдешсиз эрдиги жана жаркын элестери жүрөктөрүбүздө түбөлүк сакталып каларын белгилеп өттү.

Ал эми, кечке маал шаар тургундары үчүн концерттик иш-чара өтүп, ал фейерверктер менен жыйынтыкталды.

Белгилей кетсек, Жеңиш күнүнө карата облустарда да бир катар иш-чаралар, спорттук мелдештер өткөрүлдү.

"Коопсуз шаар": Жаңы камералар иштей баштады

"Коопсуз шаар" долбоору 2019-жылдын 12-февралынан тартып ишке кирип, тийиштүү органдардын айтымында, жол кырсыктарынын саны азаюуда. Долбоордун башкы максаттарынын бири жол кырсыктарын азайтуу болгондуктан ал өз жемишин берүүдө десе болот.

Ал кезде долбоордун алкагында жаңы камералар ишке кире баштады. Маселен, 7-майдан тарта Бишкек шаарынын дагы тогуз көчө кесилишинде видеокамералар иштей баштады.

Белгилей кетсек, долбоордун биринчи баскычында 110 аппараттык-программалык комплекс ишке кирет: Бишкекте – 42, Чүй облусунун жолдорунда – 48 жана 20 көчмө комплекс.

Камералар орнотулган даректер:
- Бөкөнбаев – Манас;
- Чүй – Манас;
- Чүй – Павлов;
- Жибек Жолу - Манас;
- Махатма Ганди - Боталиев;
- Жибек Жолу – Курманжан Датка;
- Ахунбаев - Байтик Баатыр;
- Чүй - Абдрахманов;
- Байтик Баатыр - М. Горький.

Атамбаевдин Исаковго доосу жок

Баарыбызга белгилүү болгондой, өткөн айда "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы Ыдырыс Исаковдун "Ош: салыктан буйтаган "ишкерлер" аттуу журналисттик иликтөөсү чыгып, анда жылына Кыргызстандын казынасына көмүскө экономиканын айынан 40 млрд. сом түшпөй калары айтылып, салыктан качкан ишкерлер жөнүндө сөз болгон. Аны менен бирге, иликтөөдө милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев тууралуу кеп болуп, анын салыкка байланышкан аракеттери жана күмөндүү схемалары баяндалган. Көп өтпөй ишкер, милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев Ош шаардык сотуна доо арыз менен кайрылып, Исаковдон 50 млн. сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранган.

Анын мындай кадамы коомчулук ичинде талкууга түшүп, журналисттер коому да Исаковго тилектештигин билдирип, Атамбаевдин аракетин сөз эркиндигин кысмакка алуу катары баалап, нааразычылыгын билдирип чыгышкан.

Бирок, ушул шейшемби күнү "Азаттыктын" кабарчысын доого жыгууга аракет кылган Атамбаев Ыдырыс Исаковго каршы берген арызын кайтарып алган. Бул маалыматты "Азаттыкка" Атамбаевдин жактоочусу Шумкарбек Абжапаров билдирген.

Анын айтымында, Жалил Атамбаев Исаковду кечирген.

"Доо арызды кайтарып алдык. Бул боюнча 7-май күнү шаардык сотко өтүнүч бердик", - деген жактоочу.

Ал белгилегендей, Жалил Атамбаев ыйык Орозо айында аны кечиргенин жана соттошпой турганын айткан. Ошондой эле, ал журналисттен тышкары дагы эки ишкерге каршы доо арызын да кайтарып алган.

Олимпиада-2020: Илгери үмүттөр

Келерки Олимпиада оюндарынын болоруна дээрлик бир жыл калды. Ал келерки жылы Токио шаарында (Япония) өтөт. Ага карата өлкөбүздүн спортчулары да мелдешке жолдомо алуу үчүн даярдык көрө башташты.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиевдин айтымында, Кыргызстан спорттун 13 түрү боюнча 21 лицензия алууну көздөөдө. Алардын арасында күрөштүн 3 түрү, дзюдо, жеңил атлетика, бокс, оор атлетика, заманбап беш түрлүү көнүгүүлөрдөн турган спорттук мелдеш, сууда сүзүү, ок атуу, фехтование, жаа атуу, триатлон.

Быйыл аталган спорт түрлөрүнүн айрымдары боюнча лицензиялык турнирлер өтөт.

"Лицензиялык турнирлерге даярдануу үчүн биздин өлкөнүн улуттук курама командаларынын мүчөлөрү спорт түрлөрү боюнча 2019-жылдын январынан тартып бүгүнкү күнгө чейин 21 эл аралык жана рейтингдик мелдештерге катышып, 37 медаль утуп алышкан (17 алтын, 6 күмүш жана 14 коло медаль). Ошондой эле жети Азия Чемпионатында 12 медалга ээ болушкан (2 алтын, 1 күмүш жана 9 коло медаль)", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын курама командалары лицензиялык турнирлерге даярдануунун алкагында 94 эл аралык (лицензиялык, рейтингдик) мелдештерге катышууну пландап жатышат. 2019-жылы Ысык-Көлдө триатлон жана волейбол боюнча эки Азия биринчилигин өткөрүү пландаштырылууда.

Суталинов эркиндикке чыкты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын мурдагы башчысы Мурат Суталиновду ден соолугуна байланыштуу камактан чыгаруу боюнча соттук отурум өтүп, эл ичинде аны чыгаруу керек-чыгарбаш керек деген ача пикирлер айтылып келген. Өткөндө, 2019-жылдын 15-февраль күнү Ленин райондук соту жактоочулардын өтүнүчүн карап Суталиновду бошотуудан баш тартып, аны камакта калтырган.

Бирок, ал иш Бишкек шаардык сотунда каралып, 7-май күнү сот Мурат Суталиновду абактан бошотуу чечимин кабыл алды.

Мындай чечим аны колдоп келе жаткан жактоочу, туугандарын-тааныштарын кубандырып, алар бул чечимди кол чабуу менен тосуп алышты.

Ал чечимге Суталиновдун атасы да ыраазы болуп, колдогондордун, элдин баарына жакшы тилектерин айтып кетти.

Ал эми, Суталиновдун өзү аны колдогон кыргызстандыктарга ыраазычылыгын билдирип, учурунда болгон окуялар үчүн элден кечирим сураганын жана сурарын айтты.

Эскерте кетсек, Суталинов 2010-жылдын апрель окуясына байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон.

Пикир

Оставить комментарий