• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Апта”: Президенттик балаты, Шадиевдин мүлкү, лицензиясыз табыпты кармоо

Коом 0

2018-жылдын акыркы жумасы абдан эле кызыктуу жаңылыктарга мол болду. Үстүбүздөгү жылды жыйынтыктоочу акыркы апта балакайларга арналган президенттик балаты жана жаңы ата-энелер үчүн сүйүнчү алуунун жол жоболорунун жеңилдөөсү менен башталды.

Президенттик балаты

«Алдыңарга чоӊ максаттарды койгула. Аракет кылгыла. Ошондо гана ийгилик болот!», — деп Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 26-декабрда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өткөн республиканын бардык областтарынан келген балдар үчүн коюлган жаңы жылдык балаты майрамында билдирген.

Мамлекет башчысы балдар менен бирге жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган «Сыйкырдуу түш» аттуу театрлаштырылган оюн-зоок программасын көрдү. Анын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков каармандарынын бири менен тогуз-коргоол улуттук оюнун ойногон.

Оюн аяктагандан кийин Президент балдарды келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, жаш кыргызстандыктарга баардык каалоо–тилектеринин орундалышын каалаган.

“Ар дайым ден-соолугуңар чың болуп, бир туугандарыңар, досторуңар, ата-энеңер менен бактылуу болгула. Бийик максаттарга жеткиле! Намысты бек туткан, мекенди сүйгөн жаштардан болгула!

Бүгүн мен үчүн өзгөчө кубанычтуу күн! Силердин Жаӊы Жылдык маанайыңарды көрүп, кубанычым койнума батпай турат.

Азыр эле силер менен чогуу жаңы жылдык жомокту көрүп, абдан ыраазы болдум. Атактуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча коюлган уламышты көрдүк. Мага абдан жакты.

Президенттик балатыга окуунун мыктылары, олимпиадалардын, спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрү, эл аралык сынактардын жана мелдештердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар катышкан.

“Силерди көрүп Кыргызстандын келечеги кеӊ экенин көрүп турам.Мекенибиздин, мамлекетибиздин келечеги силердин колуңарда”, - деп белгилеген мамлекет башчысы.

Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан өткөрүлгөн Жаңы жылдык балатыга өлкөнүн бардык аймактарынан мектеп курагындагы 1100 окуучу чакырылган. Алардын арасында — окуунун мыктылары, олимпиадалардын.

"Балага сүйүнчү" алуу жеңилдейт

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдиргендей, учурда бул багытта жумуш жүрүүдө.

"Коомчулук тараптан сүйүнчүнү алууда абдан көп документтер керек экендиги тууралуу нааразычылыктар келип түшкөн. Бирок бүгүнкү күндө бир жолку төлөнүүчү сүйүнчүнү алуу үчүн тек гана ата-энесинин паспорту, бала төрөлгөнү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөлөрү жана банк реквизиттери керек болот. Электрондук арыз бергенден кийин ал Мамлекеттик каттоо кызматына, анан Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жиберилет. 7-10 күндүн ичинде каражат банкттык эсепке которулат", – деди Кочкоров.

2019-жылдын 1-мартынан баштап банктык картаны алып келүү токтотулуп, бир гана ата-энесинин паспорту керек болот.

"Эгер ата-энеси баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алган болсо, ошол күбөлүк менен арыз жазышса, каражат эки сутканын ичинде алардын эсебине түшөт", – деп кошумчалады Кочкоров.

Эске салсак, сүйүнчү пулду бала төрөлгөндөн кийин, 6 айдын ичинде алууга болот. Эгерде ата-энесинин мындай мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда башка бирөөгө ишеним кат жазып берип алса болот. Буга чейин сүйүнчү алуу үчүн бир нече иш кашаздарды чогултууну талап кылчу.

Табып Хашим Зайналиев кармалды

Бишкек шаардык милиция 22-декабрь күнү өзүн табып деп эсептеген Хашим Зайналиевди кармаган.

Октябрь районунун милиция бөлүмүнө А.С. аттуу жаран кайрылып, Х.Зайналиевге тиешелүү чара көрүүнү суранган. Өзүнүн арызында билдиргендей, 2016-жылы анын кайын энеси Зайналиевдин клиникасына кайрылган. Табып бейтапты толугу менен айыктырууну убадалаган.

Х.Зайналиев А.С. аттуу жарандын ишеничине кирип анын 100 миң сомдон ашык каражатын ээлеген.

Бейтап аталган клиникада 2016-жылдын июнь айына чейин дарыланып, бирок ал жактан оор абалда чыгарылып, жыйынтыгында көз жумган.

Тергөө кызматы тарабынан “Алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, 50 жаштагы табып кармалган. Бишкек шаарынын Октябрь районунун соту табып Хашим Зайналиевди №1 тергөө абагына 2 айга тергөө аяктаганча киргизүү чечимин чыгарган.

Эскерте кетсек, Салматтык сактоо министрлиги тарабынан коргоо органдарына “Көк-Жар” жаңы конушунда лицензиясы жок жеке клиника ачып, онкология дарты менен жабыркагандарды дарылап жаткан табыпка чара көрүү кайрылуусу жиберилген.

Буга чейин Улуттук онкология борборунун жетекчисинин орун басары Гүлнара Аманкулова “Кабар” агенттигине 28-ноябрь күнү комадагы 5 жашар кыз келип түшкөндүгүн билдирген. Ал кызды 2 жума “Көк-Жар” конушунда Хашим Зайналиев аттуу табып дарылагандыгын кабарлаган.

Тарых музейи качан ачылат?

Мамлекеттик тарых музейи 2019-жылы ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, музейди реконструкциялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин тергөөсү аягына келип, бир ай ичинде териштирүүлөр жыйынтыкталат.

“Музей качан ачыларын тергөө иш-чаралары аяктагандан кийин гана айта алабыз. Бирок келе жаткан жайкы туристтик мезгилге карата ал ачылышы керек”, - деди министр.

Белгилей кетсек, тарых музейнинин ачылышы 2018-жылдын башынан тарта үч ирет жылдырылган. Башында ал март айында ачылат деп айтылган. Кийинчерээк музейдин ачылышы Кыргызстандын көз карандысыздык күнүнө – 31-августка жылдырылган.

Социалдык тармактарда музей экспозициясынын сметалык баалары, мисалы 14 миң евролук жыгач аттар, 142 миң еврого алынган эмеректер тууралуу айтылгандан кийин май айында Жогорку Кеңештин депутаттары музейге барып келишкен. Тарых музейин реконструкциялоонун айланасында 5 берене боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда УКМКнын коррупцияга каршы кызматы оңдоо иштерине кеткен чыгымдарды иликтеп жатат. Иликтөөнүн жыйынтыктары тууралуу толук маалымат чыга элек.

Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо долбоорун Түркиянын ТИКА уюму каржылап жатат. Аны оңдоо иштери 2016-жылы 25-мартта башталган.

Музейди реконструкциялоо иштерине 270 миллион сом сарпталары айтылган. Мында имараттын түндүк, батыш жана чыгыш жагы айнектелип, сигнализация, лифт жана эскалатор орнотулмакчы.

2018-жылдын январь айында өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик тарых музейин оңдоо иштери менен жеринде тааныштып чыккан. Ошол кезде музей 2018-жылдын март айында ачылаары жарыяланган. Бирок, Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөө иштери мыйзам бузуулар жана коррупциялык схемалар менен коштолгону тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары атайын көчмө жыйын өткорүп, билдиришкен.

Эл өкүлдөрү имараттын ремонту создуктурулганы аз келгенсип, ага сатылып алынган эмеректер өз баасынан 4-5 эсе кымбат сатылып алынган деп сындашкан.

Депутаттар алгач музейди кыдырып, аягына чыгып калган курулуш иштери жана ташылып келген эмеректер менен таанышып чыккан.Депутат Каныбек Иманалиевдин айтымында, тарых музейин оңдоп-түзөө үчүн 2014-жылы Түркиянын ТИКА агенттиги менен кыргыз тарап 15 миллион доллар болгон гранттык макулдашууга кол койгон. Ага ылайык Түркия музейдин ичи-сыртын кошуп, эки этап менен оңдоп бермек.

Макулдашуунун негизинде, музейди оңдоо иштери Үркүндүн жүз жылдыгына карата 2016-жылы аягына чыгарылмак.

Бирок ошол учурда кыргыз-түрк мамилесинин солгундап кеткенине байланыштуу сырты бүткөрүлгөн соң, экинчи этабы токтоп калган. Арийне, Түркия оңдоо иштеринен баш тарткан эмес. Акыркы жоопту күтпөстөн өкмөт ремонт иштерин аягына чыгаруу үчүн мамлекеттик бюджеттен 1 миллиард 569 миллион сом бөлгөн.

Аскарбек Шадиевдин 1,8 млрд сомдук мүлкү конфискацияланат

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аскар Шадиевдин соттун чечими менен мамлекетке чегериле турган мүлкүнүн тизмеси жарыяланды.

Тизмеге «Карвен четыре сезона» эс алуу үйү (уставдык капиталынын 33,33%), «Аква Инвест Плюс» (уставдык капиталынын 50%), «Карвен Групп» (уставдык капиталынын 50%), Орто-Сай айылында жайгашкан «Ала-Арча» турак жай комплексиндеги жеке үйү, Бишкектеги кеңсеси, «Тойота Лэндкрузер 150» үлгүсүндөгү автоунаасы, коммерциалык банктардагы Шадиевдин өзүнө таандык 5954 АКШ доллары (404 миң 872 сом), аялы Асель Шадиевага таандык 57 069 миң доллар (3 миллион 880 миң 692 сом) жана 290 миң 535 сому, «Трейд Инвест» («Ала-Арча» соода борбору) (уставдык капиталынын 100%), «Ларель» (уставдык капиталынын 50%), centralasian.org жазды.

Аскарбек Шадиев менен жакындарынын конфискацияланган мүлктөрүнүн жалпы баасы — 1 миллиард 852 миллион 236 миң 99 сомду (25 миллион доллардан ашык) түзөт.

25-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиевди 10 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияда эркинен ажыратуу жана мүлкүн мамлекетке чегерүү жөнүндө өкүм чыгарган.

Шадиевге Башкы прокуратура алгач "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон. Андан соң Шадиев качып кеткени, АКШда жүргөнү кабарланып, Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренесинде каралган белгилер боюнча иш козголгон.

Жаңы вице-спикер

Парламенттеги КСДП фракциясынан депутат Аида Касымалиева спикердин орун басары болуп шайланды.

Парламенттик чоң жыйында Касымалиеванын талапкерлиги каралып, депутаттардын басымдуу бөлүгүнүн добушу менен колдоого ээ болгон. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.

Төрага Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Касымалиеванын шайланышы менен куттуктап, анын ишинде ири ийгиликтерди каалаган.

Ал эми жаӊы вице-спикер депутаттарга чоӊ ишеним көрсөткөнү үчүн өз ыраазычылыгын билдирген.

Белгилей кетсек, Аида Касымалиева Жогорку Кеӊештин депутаттыгына КСДП саясий партиясынын тизмеси боюнча шайланып келген.

Жээнбеков: Мамлекеттик органдарга реформага барууга саясий эрк жетишпейт

Айрым мамлекеттик органдарда реформага барууга саясий эрк жетишпей жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өтүп жаткан соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында билдирген.

– Жумушчу топтун маалыматы боюнча, дагы эле эскиче ой-жүгүртүү ишибизге тоскоол болууда. Укук коргоо жана көзөмөл органдары эски репрессивдик мыйзамдардан кеткиси келбей жатат. Ал эми айрым мамлекеттик органдарда реформага барууга саясий эрк жетишпей жатат. Кээ бир жетекчилер жаӊы укуктук мейкиндикке өткөндү жактырбай жатат, — деп белгилеген президент.

Ал белгилегендей, ушул жылдын октябрь айында мамлекеттик органдардын жетекчилери, жумушчу топтун мүчөлөрү менен кеңешме өткөрүп, анда аткарылып жаткан иштердин жүрүшү талкууланган жана мыйзамдарга зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тийиштүү тапшырмалар берилген.

– Бирок, тилекке каршы, бул иш убагында бүтпөй калды. Өкмөт менен Жогорку Кенеш айрым кечиктирилгис мыйзамдарды кабыл алууну кечеңдетүүдө. Ошондуктан Жаӊы жыл башталганга чейин бул маселелерге дагы бир жолу кайрылып жатам, — деп белгиледи президент.

Мамлекет башчысы 2019-жылдын 1-январынан баштап жаңы 5 кодекстер жана 2 мыйзамдар күчүнө кире турганын эске салды.

– Жаӊы кодекстерде жаңы институттарды ишке киргизүү каралган. Алардын ичине Бирдиктүү реестр, тергөөчү судья, тергөө кабинетин жана сот залдарын санариптештирүү, пробация сыяктуу институттар кирет. Соттук-укуктук реформанын ийгиликтүү жүрүшү ушул жаңы институттардын ишине жараша болот. Сотторго жана укук коргоо органдарына элдин ишеничи кайтарылат. Буга чейин соттук же укуктук реформа өз-өзүнчө жүргүзүлүп келген. Биздин реформанын өзгөчөлүгү — соттук-укуктук реформаны чогуу жүргүзүп жатабыз. Анткени бул экөө өз ара тыгыз байланышкан чөйрө. Аларды өз-өзүнчө кароо мүмкүн эмес, — деп белгиледи Жээнбеков.

Кыргызстандын келечеги– жаштар!

2017-2018-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларынын студенттерине президенттик стипендия тапшыруу аземи өткөн.

КРнын президенти Сооронбай Жээнбеков билим алууда мыкты ийгиликтерди жаратып, стипендияга татыктуу болушу менен студенттерди куттуктаган.

"Бул жерде отурган жаштар, силер, 160 миңден ашуун студенттердин арасынан өзүңөрдүн билимиңер менен, эмгегиңер менен айырмаланып, эң жакшы жетишкендиктерди багынтып отурасыңар. "Билимдүүгө дүйнө – жарык" деген элдик нуска сөз бекер жеринен айтылган эмес. Силер канчалык билимдүү болсоңор, аалам силер үчүн ошончо жарык болот, ошончолук жолуңар ачык болот. Келечекте кайсы кесиптин ээси болбогула, эмгекчилдик, өжөрлүк менен ийгиликке жетесиӊер. Ар бириӊер өз тармагыӊар боюнча кесипкөй, мыкты адис болот деген үмүтүбүз чоң", - деп белгиледи Жээнбеков.

Ал Кыргызстандын өнүгүшү үчүн билим негизги ресурс катары бааланып, билим чөйрөсү мамлекеттик бюджеттен артыкчылыктуу багыт катары каржыланаарын белгиледи.

"Билимдүү коом гана өнүккөн мамлекетти курат. Азыр дүйнөлүк экономиканын жүзү өзгөрдү. Интеллектуалдык эмгек менен байланышкан тармактардын үлүшү басымдуу болуп келе жатат. Силер окууӊарды аяктап, эмгек рыногуна барганда жаӊы тармактар, жаӊы технологиялар, жаӊы кесиптер дүйнө турмушуна кирет. Алардын ичинде биотехнология, нанотехнология, композиттүү материалдар, жаӊы медицина, жаӊы экологияга негизделген кесиптер бар. Азыркы маалымат коомунун мүнөзү өзгөрөт. Силердин турмуштагы ийгилигиӊер - ушул өзгөрүүлөрдү өздөштүрүү жөндөмүӊөргө байланыштуу болот", - деп айтты президент.

Өлкөнүн улуттук стратегиясында санариптик экономиканы, санариптик медицинаны, санариптик билим берүүнү артыкчылыктуу максат катары белгилеп, өлкөнү санариптештирүүгө багытталган иштер башталганын айтты.

Мамлекет башчысы жаштар жакынкы келечекте санаритик платформага негизделген Кыргызстандын өнүгүүсүнүн жаңы деңгээлге чыгарууга түздөн-түз катышат деген ишенимин билдирди.

"Ушул максаттар ишке ашкан күндө гана Кыргызстан жашоого ыңгайлуу, турмуш жолун тандоодо чоң мүмкүнчүлүгү бар эркин жана байгер жарандардын өлкөсү боло алат. Каалаган ой-максаттарыңар ишке ашсын, элибиз-жерибиз, мамлекетибиз үчүн ак кызмат өтөгөн татыктуу инсандардан болгула", - деп айтты Жээнбеков.

Мамлекет башчысы стипендиаттарга бекем ден соолук, бакыт-таалай, ийгилик жана кең келечек каалап, президенттик стипендиянын сертификаттарын тапшырды.

Эске сала кетсек, жыл сайын өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине окуудагы жана коомдук иштердеги жетишкендиктери үчүн президенттик стипендия тапшырылып келет. Быйыл жарыяланган конкурстун натыйжасында 69 студент президенттик стипендияга татыктуу болду. Республиканын мыкты студенттерине мактоо баракчасы жана академиялык бир жылга (10 айга) 50 000 сом өлчөмүндө чегерилген стипендия тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий