• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Апта: Президенттин сөзү, мекенине келген UFC чемпиону, уурдалып-табылган Данил

Коом 0

Бул аптада кызыктуу жана талкууга түшкөн жаңылыктар көп болду. Маселен, президенттин Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзү, өкмөттүн отчету, UFC чемпиону Валентина Шевченконун мекенине келгени, 12 жаштагы Данил Браилкиндин уулдалып, кайра табылганы жаңылыктардын сап башында турду.

Валентина Шевченко мекенине келди

Өткөн жекшемби, 7-апрель күнү UFC чемпиону Валентина Шевченко өзүнүн мекени Кыргызстанга учуп келди. Аны, аэропортто жоон топ эл музыка менен шаңдуу тосуп алышты.

Эртеси күнү спортчуну президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алып, спортчуга каалоо-тилектерин айтып, ыраазычылык билдирди.

Аны менен бирге мамлекет башчы Кыргызстандын атын чет жерде таанытып жүргөн Валентина Шевченкону "Даңк" ордени менен сыйлады. Ал эми анын машыктыруучусу Павел Федотовго "Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер" ардактуу наамы ыйгарылды.

Президенттин кабыл алуусунан кийин спортчу маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

undefined

Анда ар кыл суроолор жаңырып, журналисттердин бири ал эжеси менен беттешке чыгабы деп кызыкты. Спортчу андай беттеш болбой турганын айтты.

Маалымат жыйынынан кийин мушкер айым шаардагы соода борборлорун бириндеги күйөрмандары менен болгон жолугушууга барды. Жолугушууга келгендер көп болду.

Андан кийинки күнү спортчу Ош шаарына учуп барды. Ал жерден да мушкерди калың топ тосуп алды.

Шевченко Ош шаарында келе электигине 19 жыл болгонун айтып, Ошко келгенине кубанычта экенин белгиледи.

“Ош шаарына акыркы жолу 2000-жылы келгем. Кыргызстанга келгенден кийин Ошко келбей кое албадым. Анткени бул жерде аралаш мушташтын күйөрмандары абдан көп”, - деди В.Шевченко.

Спортчуга Ош шаары көрсөтүлүп, ал Сулайман-Тоосуна чыгып, ал жердеги музейди да көрүп келди.

Кечинде шаардын борбордук аянтында Шевченко күйөрмандары менен жолукту. Ал жолугушууга 10 миңге жакын адам келди.

Жолугушуу учурунда, келгендер мушкер айымга суроо узатып, кызыктуу суроо бергендер андан белек алышты. Ал гана эмес, Шевченко күйөрмандары үчүн кара жорго менен лезгинка бийлеп берди.

Ал эми кечээ Шевченко кыргыздын таанымал жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине да барып келди.

Белгилей кетсек, спортчу билдиргендей, ал Кыргызстанда 1 жума болот. Ал көпчүлүк убактысын үй-бүлөсү менен өткөргөнгө аракет кылат.

Уурдалып, кайра табылган Данил

Бейшемби, 11-апрель күнү эртең менен Кант шаарында Виталий Браилкин аттуу жарандын 12 жаштагы уулу уурдалганы тууралуу кабар чыкты. Анын уулу Данил Браилкинди белгилсиз бирөөлөр сабакка бара жаткан жеринен "Хонда фит" үлгүсүндөгү унаага салып кетишкен. Бул окуяны көргөн күбөлөр болуп, ал тууралуу милиция кызматкерлерине кабарланган.

undefined

Бул окуя массалык маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда тез тарап, ар ким баланын эртерээк табылышына тилектеш болуп турушту. Мындай учурда, жалган маалыматтар да тарап кетет эмеспи. Ошондой болуп, "бала табылды, аны уурдагандар кармалды, алар бул чет өлкөлүк экен" деген калп маалыматтар чыгып жатты.

Бактыга жараша, Данил Браилкин ошол эле күнү кечинде саат 21:30дар чамасында табылды. Аны уурдагандар кармалып, баланы эмнеге уурдагандарын айтып беришкен. Алардын билдиргени боюнча, баланы акча талап кылуу максатында уурдашкан. Айтмакчы, Данилдин атасынын айтымында, ал баласын уурдагандарды тааныйт жана бирөөсүнүн ага 3 миң сом карызы бар болгон. Бирок, ал андан шектенбегенин, алар уурулукка барарын эч ойлобогонун айтат.

Белгилей кетсек, уурдалган баланы тез арада тапкан милиция кызматкерлери элдин алкышына татып, алардын жетекчилиги да милиция кызматкерлерине сыйлык берүүнү унуткан жок.

Президент парламент жыйынында сөз сүйлөдү

Президент Сооронбай Жээнбеков 11-апрель күнү Жогорку Кеңештин жыйынына келип, сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчынын сөзүндө, өлкөдө болуп жаткан реформалар, коррупция менен күрөш, ички жана тышкы саясаттагы жагдайлар, экономика, калкты суу менен камсыз кылуу, жаңы технологиялар жана башка маселелер айтылды.

Өлкөбүздөгү маанилүү маселелерден болгон коррупция тууралуу айтылып, күрөш уланары белгиленди.

"Дагы бир чоӊ багытыбыз — өлкөдөгү коррупция менен системалык күрөштү улантып жатабыз. Былтыркы Коопсуздук Кеңешинде айтылган сөздөр, реалдуу ишке ашырыла баштады. Өткөн жылы коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында 5,7 млрд. сомго жакын каражат жана мүлк мамлекетке кайтарылды. Коррупция менен күрөшүү, укук коргоо жана сот органдарын, жалпы мамлекеттик бийликти алдым-жуттумдардан тазалоо ишинде эч качан компромисс болбойт!", - деди ал.

Ошондой эле ал, элдин колдоосу баарынан кымбат экенин жана бир ууч топтун эмес, элдик президент болорун убада кылганын айтып өттү.

"Эч бир кыйынчылыкка карабай иштей беребиз. Максаттарыбызга жетүү оңой болбойт. Тоскоолдуктар аз эмес. Коррупцияга малынгандардын саботажы, айрым саясий күчтөрдүн каршылыгы болууда. Уюшкан кылмыштуу кландык мафиянын коррупциялык иштери өлкөгө чоӊ залалын тийгизди, бул коомчулук үчүн белгилүү болуп калды. Мамлекетти белчесинен карызга батырган уурулукту жашыруу үчүн актанууга өтүштү. Ар калпты жарыялап, элдин оюн башкага бурууда. Баардыгы мыйзам алдында бирдей. Эч кандай ультиматум тили кабыл алынбайт. Элди көчөгө чыгарып, бийликке кысым жасоо менен маселе чечем дегендер жаңылышат. Маселенин баардыгы мыйзам талаасында гана чечилет" - деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин президент былтыр 27-июнду парламентте чыгып сүйлөгөн.

Парламент Өкмөттүн ишин канааттандырарлык деп тапты

Жума, 12-апрель күнү өкмөт Жогорку Кеңешке келип, аткарган иши боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тиешелүү баяндама жасады.

Парламенттик көпчүлүк коалициясынын жыйыны суроо-жооп түрүндө өтүп, анын жүрүшүндө Өкмөттүн мүчөлөрү жана мамлекеттик органдардын жетекчилери өз багыттары боюнча маалымат беришти.

Депутаттардын өкмөткө суроосу көп болуп, бирок аягында депутаттар өкмөттүн отчетун канааттандырарлык деп тапты.

undefined

Бурулайдын иши: Милиция кызматкерлерине өкүм чыкты

Баарыбызга Бурулай Турдалы кызынын окуясы маалым. Аны былтыр 27-майда Марс Бөдөшөв аттуу жаран ала качып, андан кийин ал кыз милиция бөлүмүнүн имаратында киши колдуу болгон. Анын өлүмүнө кызды үйлөнүү максатында ала качкан Марс Бөдөшов айыпталган. Ал милициянын кабыл алуу бөлүмүндө кызга бычак сайган соң, өзүн да жарадар кылганы айтылган.

Бул окуя боюнча сот, негизги айыпталуучу Марс Бөдөшевди Бурулайдын өлүмүнө күнөөлүү деп таап, 20 жылга күчөтүлгөн тартипте камакка алуу өкүмүн чыгарган. Анын досу Акмат Сейитов "Ала качуу" беренеси менен 7 жылга эркинен ажыратылган.

Андан тышкары, бул иш боюнча Жайыл райондук милициясынын беш кызматкери – Мирлан Макеев, Эржан Кадышев, Ильич Иманалиев, Замир Байтереков жана Замир Айткожоев – кетирген шалаакалыктан улам Бурулай каза болгон деп айыпталышкан.

Бул аптада Аламүдүн райондук соту курман болгон 20 жаштагы Бурулай Турдалы кызынын өлүмү боюнча ишти карап, айыпталган милиция кызматкерлерине карата өкүм чыгарды.

Соттун чечимине ылайык, Айткожоев менен Байтерековго байланыштуу кылмыш иши токтотулган. Сот, жабырлануучу тараптын бул эки кызматкерге карата жазылган тосмо арызын канааттандырган.

Чечим чыгарууда, Иманалиев, Кадышев жана Макеев буга чейин соттолбогондугу жана алардын кызматы эске алынган.

Сот, алардын ар бирин 260 миң сом айып пул төлөөгө, мындан тышкары Бурулайдын ата-энесине 100 миң сом моралдык чыгым төлөп берүүгө милдеттендирген.

Белгилей кетсек, жарыш сөз учурунда прокурор беш милиция кызматкерин тең 5 жылга эркинен ажыратууну сураган.

Коопсуз шаар: Жол кырсыгы 37,5% азайган

Коопсуз шаар долбоорун ишке киргизүүнүн эң башкы максаты болуп жол эрежелеринин сакталышы жана жол кырсыктарын азайтуу болгон. Көп жылдардан бери ал жүзөгө ашырылбай келгени менен быйыл ишке кирип, жакшы жыйынтыктарын бере баштады.

Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматовдун айтымында, Коопсуз шаар долбоорунун алкагында жол кырсыгы 37,5%га азайган.

Ал белгилегендей, аны менен бирге жарандардын жаракат алган учурлары да 44,4%га кыскарган.

Белгилей кетсек, долбоордун биринчи этабында, жалпы 47 аппараттык-программалык комплекс жана 20 көчмө аппарат ишке киргизилген.

Экинчи баскычта, өлкө боюнча 314 аппараттык-программалык комплексти орнотуу каралууда.

Пикир

Оставить комментарий