• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Апта: Си Цзиньпиндин сапары, жаңы оператор Salam, Джон Уоррен Кыргызстанда

Коом 0

Белгилүү болгондой, кыргыз коомчулугунда күнүгө жаңы жаңылыктар пайда болуп турат. Май айынын бул жумасы да кызыктуу жаңылыктарга мол болуп, коомчулуктун назарын өзүнө бура алды.

Си Цзиньпиндин мамлекеттик визити

Июнь айында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга мамлекеттик визити болот. Кытайдын башчысы Кыргызстанга өтө бийик деңгээлдеги сапарынын алкагында Шанхай кызматташштык уюмунун (ШКУ) кезектеги саммиттине катышып, бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, бир топ келишимдерге кол коюлат деп күтүлүүдө.

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь билдиргендей, бүгүнкү күндө кыргыз-кытай кызматташуулары бардык тармакта жүрүүдө. Бул көп нерсени түшүндүрөт.

"Өзгөчө кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон мамлекеттик визитинен кийин. Ал жактан Кыргызстандын башчысы КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуп, экөө баардык маселелерди талкуулашкан. Ошол визиттен кийин жана катуу даярдыктан кийин Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон сапары ийгиликтүү аяктайт", - дейт ал.

Андан тышкары элчи, Кыргызстан менен Кытайдын өлкөлөр ортосундагы кызматташууну мындан ары да жылдырууга баардык негиздери бар, деди.

Похожее изображение

Ал эми мурунку премьер-министр, саясатчы Темир Сариевдин пикири боюнча, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик визитинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу негизги маселе болушу мүмкүн.

Ал белгилегендей, бул ири инфраструктуралык долбоор. Ал Кыргызстанга чоң түрткү бере алат.

"Кытай Кыргызстандын товар жүгүртүүсүнүн дээрлик 40%ын түзөт. Эгер темир жол курулса, товар жүгүртүү кыйла артып, Кытайдан Борбор Азия аркылуу Иран, Перс булуңу жана андан ары Европага жөнөтүлгөн товарлардын транзитинде биз борбордук орунду ээлемекпиз. Бул абдан чоң долбоор жана мамлекеттик визиттин алкагында темир жолду курууну баштоо боюнча документке кол коюлса жакшы болмок", - деди ал.

Белгилүү ырчы Мирбек Атабековдун энесин сабап, тоноп кетишкен

Бишкек шаарындагы үйлөрдүн бирине бет кап кийген кылмышкерлер кирип, ал жактагы аялдын 60 миң доллар акчасын жана алтындарын уурдап кетишкен. Шаардык милиция башкармалыгынан кабарлашкандай, окуя 5-майдан 6-майга караган түнү болгон.

Картинки по запросу мирбек атабеков

Октябрь райондук милиция бөлүмүнөн жана шаардык милиция башкармалыгынын тажрыйбалуу кызматкерлеринен ыкчам-тергөө топ түзүлүп, аталган кылмышка шектүү адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча активдүү иштер жүрүүдө.

Ал айым өзүн белгилүү ырчы Мирбек Атабековдун апасы болом деп тааныштырган. Ал эми ырчы өз кезегинде бул маалыматты тастыктаган.

Кыргызстанда "Salam" деген жаңы уюлдук оператор пайда болот

Кыргызстанда жакын арада жаңы улуттук мобилдик оператор пайда болот. Бул тууралуу пресс-конференцияда "КТ Мобайл" компаниясынын директорунун орун басары Иманкадыр уулу Эрназар билдирген.

Жаңы мобилдик оператордун иши 8-майга пландалып, кийин кайра артка жылдырылган. Бул долбоор азыр иштеп жаткан уюлдук операторлордун бири менен ишке ашаары айтылган.

Учурда Кыргызстанда үч уюлдук оператор иш алып барат. Биз төртүнчү болуп рынокко кирели деп жатабыз, - деп кошумчалады ал.

"КТ Мобайлдын" чыры. Компаниянын ишмердүүлүгүн депутаттык комиссия иликтейт

Жогорку Кеңеште депутат Жанар Акаев өзүнүн кесиптештеринин жана өкмөттүн көңүлүн чоң ресурстарга ээ болгон компания иштебей туруп, анын жетекчилери айлык алып жаткандыгын айткан. Алганда да ойго келбес суммадагы айлык акылар төлөнгөн. “Кыргызтелеком” ААКнын түзүмү болгон “КТ Мобайл” ЖЧКсы 2003-жылы эле түзүлүп, азыркы күнгө чейин иштебей келген. Бирок ал иштебеген компания 345 млн.сом каражат алган, деп маалымдаган депутат.

Картинки по запросу мобильный интернет

Эл өкүлү бул боюнча депутаттык текшерүү түзүүнү демилгелеген. Андан тышкары Акаев бул компаниянын жетекчилеринин бири премьер-министрдин туугадары экен деген маалыматтар бар, деп баса белгилеген.

Аталган комиссия түзүлүп, анын курамынаКСДП фракциясынан Акаев Жанарбек, Жураев Сайдолимжан, Осмонова Айнура, Кулбараков Абтандил, «Республика – Ата-Журт» фракциясынан Маматалиев Марлен, Зулушев Курманкул, Жеенчороев Мирлан, «Кыргызстан» фракциясынан Баатырбеков Алмаз, Масабиров Таалайбек, «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынан Асылбаева Гүлшат, Жамалдинов Зиядин, «Бир Бол» фракциясынан Жапаров Акылбек, «Ата Мекен» фракциясынан Шыкмаматов Алмамбет кирди.

«КТ Мобайл» боюнча депутаттык комиссиянын алгачкы жыйыны болупөттү.

Депутат Жанарбек Акаев бул компания башында атамекендик мобилдик оператор түзүү максатында жакшы ниетте болгондугун айтып, бирок аны бир ууч топ өздөрүнүн кызыкчылыгында башкарбашы керектигин, мамлекеттик бюджет сарамжалдуу, туура пайдаланылышы зарылдыгын билдирди.

Депутат Мирлан Жээнчороев жогоруда белгиленген коркутуп-үркүтүү боюнча тезинен КР Башкы прокуратурасына кат жолдоону сунуш кылды. Депутат Марлен Маматалиев бул компаниянын штаттык бирдиги, бюджети жана башка жагдайлары боюнча комиссиянын кийинки отурумуна толук маалыматты талап кылган.

Комиссиянын келерки жыйынына ушундай бир катар тапшырмалар чакырылгандарга берилген.

"Кызыл Диор": Белгилүү модельер Вячеслав Зайцев Бишкекте

Белгилүү телеалып баруучу Ассоль молдокматованын айтуусунда, бүгүн маанилүү күндөрдүн бири - анткени белгилүү модельер Вячеслав Зайцев биринчи ирет Бишкекке келип олтурат. Ал Россиядагы "Модный приговор" берүүсүнүн биринчи алып баруучусу болгон.

Картинки по запросу Вячеслав Зайцев

"Аталган берүү тууралуу кеп болгондо алгач эле эске Зайцев келет. Анткени ал берүүнүн биринчи алып баруучусу болгон. "Кызыл Диор" аталыштагы ири долбоорду ишке ашырууга мүмкүн болгондугуна биз абдан кубанычтабыз. Көргөзмө бүгүн өтөт", - деп билдирди Молдокматова.

Зайцев өзүнүн чыгармачылыгына токтолуп, үй-бүлөсүндөгүлөрдүн бардыгы чыгармачылыктан алыс экендигин эске салды.

Ал азыркы күнгө чейин саркеч кийимдердин коллекцияларын чыгарып келет. Иш-чара борбордогу белгилүү ресторандардын биринде болуп өттү.

Джон Уоррен: Кыргызстан менен Ысык-Көл түбөлүккө менин жүрөгүмдө

Белгилүү россиялык “Поедем, поедим!” (Барып, даам татабыз) телеберүүнүн алып баруучусу Джон Уоррен кооз жерлери жана улуттук тамак-ашы тууралуу программа тартуу максатында 13-майда Кыргызстанга келген.

Джон Уоррен Кыргызстанда бир жумадай жүрүп, Ысык-Көл, жайлоо, белгилүү базарларга барып, кыргыз элинин улуттук тамак ашынан даам сызып, кооз жерлери менен таанышкан.

Анын айтуусу боюнча, бул жума абдан кызыктуу болду. “Мен Кыргызстанга келгениме абдан кубанам. Силердин белгилүү Ысык-Көлүңөр абдан кооз экен. Мен анын кооздугу тууралуу угуп келгем, бирок мынчалык ажайып экендигин күткөн эмесмин. Биз көлгө кечинде келип, эртеси көл жээкке барганда, бет маңдайдагы мөңгүлүү аска-зоолор көгүлтүр көл менен биргеликте өзгөчө бир кооз. Кыргызстан абдан кооз экен. Сиздердин өлкө биздин жүрөгүбүздөн орун алды”, - деген ал.

Картинки по запросу джон уоррен бишкек

Уоррендин айтуусу боюнча, Кыргызстан – абдан жөнөкөй өлкө. Жөнөкөй деген, баардыгы көргөнүңдөй экен. “Биз жумуш менен көп өлкөлөргө барып жүрөбүз. Кээ бир өлкөлөрдө программа тартуу маалында көп тыюуларга туш болосун. Мисалы, кээ бир жактарда квадракоптерге тартууга болбойт. А жакшы сүрөттөр үчүн бийиктиктен сүрөттөр керек. Ушул жагынан да Кыргызстан абдан эркин өлкө экен”, - дейт ал.

“Бизди экинчи программа тартуу үчүн Кыргызстанга кайра чакырышты. Бул жакта тарта турган нерселер абдан көп экен. Мен Кыргызстандан али кете элекмин, бирок, кийинки жолугушууну эңсегендеймин. Кийинки жылы келгенде, мен жумуштан кийин эс алуу үчүн бир нече күн калып кетем”, - деп өзүнүн пландары менен бөлүштү.

Пикир

Оставить комментарий