• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Апта: Тамакка уулануу, аттестаттардагы каталар жана чет элдик жарандын өлүмү

Коом 0

Июль айынын биринчи жумасы кабарларга мол болду. Ар бир күнү өзүнчө бир жанылык болуп, кыргыз коомчулугунда чоң талкуу жаратты...

Чет элдик жарандын өлүмү

Бишкектеги Cambridge School мектебинин негиздөөчү Нигериянын жараны Тижжани Абубакардин өлүмү коомчулукту кайдыгер калтырган жок. Шаардын соода борборлорунун биринин алдында бир жаш жигит менен анын ортосунда пикир келишпестик орун алып, анын жыйынтыгында Тижжани Абубакар катуу сокку жеп ооруканага түшкөн. Ал кулаганда кара куш мээси менен түшкөнү айтылат. Көп өтпөй ооруканада үч күн жаткан Нигериянын жараны каза болду.

Учурда аны урду деп шектелген бала тергөө абагына камакка алынган.

Эске сала кетсек, милиция кызматы билдиргендей, 2-июль күнү болжол менен саат 17:30да "102" кызматына Улуттук госпиталдан, аларга сабалган чет элдик алынып келгендиги тууралуу кабарланган. Ошондой эле жарандардан да "Айчүрөк" соода борборунун жанында белгисиз бир бала Нигериянын жаранын сабаганы тууралуу кабар түшкөн.

Окуядан бир күн өтүп, кылмышка шектүү катары 22 жаштагы К.Э. аттуу жаран кармалган.

Шектүүнүн милицияга билдиргени боюнча, 2-июль күнү ал “Чынар” соода борборунун жанында достору менен соцтармактар аркылуу түз эфирге чыгып, сүйлөшүп жаткан.

“Сүйлөшүп жатканда жанына чет элдик жаран келип, аны телефонго тартпоону айткан. Ал эми К.Э. ага “мен сизди телефонго тарткан жокмун” деп жооп берген. Кийин Т.А. аттуу жаран аны жаман сөздөр менен атап, сөккөн. Бул чыр ЦУМга барганга чейин уланган. Ал жерден, өзүнө карай айтылган ыплас сөздөргө чыдабай, К.Э. чет элдик жаранды бетке уруп жиберген. Сокку алган жаран жерге каракуш мээ тарабынан кулап түшкөн”, - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда сотко чейинки териштирүүнүн алкагында тергөө иш-чаралары уланууда.

Финполиция аттестаттагы каталар боюнча териштирүү жүргүзөт

Быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрүнө берилген күбөлүктөрдө каталар табылып, кайрадан эле Билим берүү министрлигине сындар айтыла баштады. Каталар кыргыз жана орус тилиндеги күбөлүктөрдө да табылган.

Билим берүү министрлиги, ал каталар басмаканадан кеткен ката деп билдирди.

Буга байланыштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) аттестаттагы каталар боюнча териштирүү иштерин баштады.

Мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, учурда сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Аталган факты Кылмыштар жана жоруктар боюнча бирдиктүү реестринде катталган.

"Сотко чейинки тергөө амалдары учурунда маалым болгондой, 2019-жылы орто мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөргө ката жазылган аттестаттар тапшырылган. Жалпысынан ката жазылган 95 миң аттестат тапшырылган. Текшерүүдө аныкталгандай, анда "жөнүндөгү" деген сөздөгү "Н" тамгасынын ордуна "Ң" жазылып калган. Ушундай эле ката Нарын облусундагы Туз айылында да катталган. Анда бүтүрүүчүлөргө берилген аттестаттын орусча жазылган жеринде "РЕДНЮЮ" деген сөз ашыкча жазылган", - деп айтылат маалыматта.

Тамакка уулануу

Белгилүү болгондой, жай мезгилинде тамакка ууланган учурлар көбөйөт. Көчөдө сатылган, ал турсун кафе-ресторандардан тамак жеп уулангандар болот.

Маселен, Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына 67 адам кайрылган.

Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан кабарлашкандай, кайрылгандардын баарына "тамакка уулануу" диагнозу коюлган. Анын ичинен 60 адам Токмок шаарында өткөн тойдо, "Дордой" базарында ашлям-фу жеген 5 адам жана "Бета Гурмет" кафесинде 2 адам ууланып калган.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору жарандарды бат бузулуучу азыктар менен тамактанууда этият болууга чакырат. Азыктарды туруктуу сатуучу жайлардан алып, алардын мөөнөтүн кароону өтүнөт. Ири иш-чараларды уюштурууда, өзү менен кошо алып кеткен тамактарга (кешик) көңүл бурууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий