• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Апта: жаңы министрлер, президенттин сапары жана Орозо айт

Коом 0

Жаздын акыркы жумасы кызыктуу жаңылыктарга мол болду. Апта башында, кызматынан кеткен айрым министрлердин ордуна ким келет деп коомчулук күтүп, жаңы министрлер да кызматка келишти.

Кызматынан кеткендер жана келгендер

Белгилүү болгондой айыл чарба министри Нурбек Мурашев, экономика министри Олег Панкратов жана өкмөт аппаратынын жетекчиси Шамиль Асымбеков кызматынан кетишкен.

Коомчулукта алардын ордуна ким келет деген талкуу жүрө баштаган. Ошол учурда жаш ишкер, Күнөсканалар ассоциациясынын төрагасы Тилек Токтогазиев өзүн айыл чарба министри кызматына сунуштап чыккан.

Анын талапкерлигин Жогорку Кеңештеги "Бир бол" фракциясы колдогон. "Биз Айыл чарба министрлигине жаш кадр Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин сунуштайлы деп чечтик. Жаңы көз караш, жаңыча ой жүгүртүү бул тармакты өнүктүрүүгө жол ачат", - деп жазган депутат А.Сулайманов.

Аны менен катар ал, өкмөт башчы алардын сунушун колдойт деген ишенимин билдирген.

undefined

Бирок, өкмөт башчы айыл чарба министри кызмат ордуна Эркинбек Чодуевдин талапкерлигин сунуштап, аны тармактык комитет жактырган.

Парламент жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев төрт жаңы өкмөт мүчөсүнүн талапкерлигин сунуштаган. Экономика министри кызмат ордуна Санжар Муканбетовдун, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызмат ордуна Чодуевдин, Өкмөттүн аппарат жетекчилигине Самат Кылжыевдин, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына Дастан Догоевдин талапкерлигин сунуштаган. Жогорку Кеңештин депутаттары премьер-министрдин сунуштарын жактырган.

Президенттин иш сапары

КРнын президенти Сооронбай Жээнбеков Нур-Султан шаарында өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мааракелик жыйынына катышты. Анын алкагында ал Казакстандын тунгуч президенти Назарбаев жана учурдагы президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту. Назарбаев менен болгон жолугушууда мамлекет башчы "Казакстан Республикасынын тунгуч президенти – элбашы Нурсултан Назарбаев" ордени менен сыйланды.

undefined

Сыйлык Евразиялык экономикалык биримдик келишимине кол коюунун 5 жылдыгынын урматына, кыргыз-казак мамилесин тереңдетүү жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыйгарылган.

Аталган сыйлык менен Россиянын президенти Владимир Путин менен Беларус президенти Александр Лукашенко да сыйланды.

Казакстандын президенти Токаев жана Казакстандын тунгуч президенти Назарбаев менен болгон жолугушуусунда өлкө башчысы эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү, өнүгүүсүнө жаңы дем берүүнү сөз кылып, актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышкан. Жолугушууда тараптар, кыргыз-казак мамилелери жаңы денгээлге чыккандыгын баса белгилешкен.

Мамлекет башчысы кыргыз тарап стратегиялык кызматташтык, достук, биримдик, боордош өлкөлөр ортосундагы жылуу коңшулукту жогору баалап, Казакстан менен мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө артыкчылыктуу маани берерин айткан.

Ошондой эле Жээнбеков Токаевди ал үчүн ыңгайлуу каалаган убагында Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырган.

Ал эми Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кеңейтилген отурумунда сүйлөгөн сөзүндө, Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин тышкы чектеринде ачык-айкын жана объективдүү бажы көзөмөлүнө кызыкдар экенин белгилеп өттү.

"Акыркы кездери бизге карата бажы төлөмдөрүн жашыруу боюнча сын айтуулар көп болууда. Биз Биримдиктин тышкы чектеринде ачык-айкын жана объективдүү бажы көзөмөлүнө кызыкдарбыз. Мындан улам Евразиялык экономикалык комиссиясы жана ЕАЭБдин мүчөлөрүнүн ичинен кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен "үч тараптуу" бажы көзөмөлүн алып барууну сунуштайм. Биргелешкен көзөмөлдүн жыйынтыктары жана тыянактары кеңири коомчулук үчүн ачык болушу керек. Мындай процедура бир өлкөнүн экинчи өлкөгө карата дооматтарын жокко чыгармак", - деди ал.

Аталган иш-чарадан кийин президент Сооронбай Жээнбеков Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин чакыруусу менен Индияга барып, анын инаугурациясына катышты.

undefined

Андан соң мамлекет башчы Сауд Арабия Королу Салман бин Абдель Азиз Аль Сауддун чакыруусу менен Мекке шаарын барып, Ислам Кызматташтык Уюмунун 14-Саммитине катышты.

Орозо айт

Кыргызстанда 5-июнь күнү Орозо айт майрамы белгиленет. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев билдирди.

Ал билдиргендей, Орозо айт күнү борбор калаада Айт намазы болуп, муфтий Максатбек Токтомушев келгендерди Айт майрамы менен куттуктайт.

Кыргызстанда салт болгондой Айт күнү даамдуу тамактардын түрү жасалып, туугандар, кошуналар, тааныштар бири-бирине барып айылдашат. Орозо айт майрамы ыйык Рамазан айынын аякташын билдирет.

Тамтыгы чыккан "Манас айылы"

undefined

Бишкек шаарынын тургундары “Манас айылы” этнографиялык комплекстин абалына нааразы болуп, аны эртерээк оңдоо боюнча чараларды көрүүнү суранышты.

Facebook соцтармагынын колдонуучулардын бири комплекстин учурдагы абалы тууралуу сүрөттөр менен бөлүшкөн.

“Дем алыш күнү балдарымды алып "Манас айылына" барсам, комплекстин тамтыгы чыккан. 9-10 жыл мурда жолдош балдардын үйлөнүү тою күнү барган учурлар болгон, анда абалы жакшы эле болчу. Азыр "мышык ыйлайт". Кароосуз калыптыр. Туристтер көрсө кандай ойдо калганын элестетиш кыйын! Угушумча 2 жылдан бери атайын суусун жабып бак-дарактарды кууратып жатыптыр. Бузуп, ордуна башка имарат салынат окшойт дейт ошол аймакта жашаган байке”, - деп жазган ал.

“Манас айылы” этнографиялык комплекси 1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоого карата тургузулган. Курулуш иштери аяктагандан кийин, ал Бишкек шаардык мэриянын балансында болгон.

Кийинчерээк, комплекс "Бишкек" эркин экономика аймагынын башкы дирекциясынын балансына өткөрүлүп берилген. Бул борбор "Бишкек" эркин экономика аймагынын өндүрүш ишмердүүлүгүнө тиешеси жок болгондуктан, убакыттын өтүшү менен маданий борбордун аймагынын абалы начарлап баштаган.

Акыркы жылдары комплексти кайрадан борбордук мэриянын балансына өткөрүп берүү маселеси көрүлүп, бирок азыркыга чейин ачык бойдон калууда.

Ошондой эле туризм Департаменти комплексти оңдоп-түзөө үчүн алдын ала эскиздерди даярдап, инвесторлордун издөө аракеттерин көргөн.

Пикир

Оставить комментарий