• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Апта жыйынтыгы: Бир жумада кыргызстандык спортчулар Азия оюндарында 16 медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 27.08.18. /Кабар/. Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында Кыргызстандын байге куржунунда 16 медаль бар. Учурда Кыргызстан медалдык эсеп боюнча 17-орунда турат.

“Азиада-2018” алтын медалды – Төрөкан Багынбай уулу (жиу-житсу) жана Дарья Маслова (жеңил атлетчи) алышты.

Экинчи орунду – Магомед Мусаев (эркин күрөш), Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү), Каныбек Жолчубеков (грек-рим күрөшү), Акжол Махмудов (грек-рим күрөшү), Нурсултан Алымкулов (жиу-житсу).

“Коло” медалды - Мээрим Жуманазарова (кыз-келиндер күрөшү), Айпери Медет кызы (кыз-келиндер күрөшү), Амантур Исмаилов (грек-рим күрөшү), Узур Жузупбеков (грек-рим күрөш), Данияр Токуров (пенчак силат), Иззат Артыков (оор атлетчи), Абдурахманхаджи Муртазалиев (жиу-житсу), Муртазали Муртазалиев (жиу-житсу), Жолдошбек Акимканов (пенчак силат) тагынышты.

Ошентип, Кыргызстандык спортчулар 2 алтын, 5 күмүш жана 9 коло медаль утушту.

Эске сала кетсек, мелдештер 18-августта башталган, 2-сентябрга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий