• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Апта": Зилалиевдин миллиондору, экс-президенттин кол тийбестиги, Бурулайдын иши

Коом 0

Декабрь айынын экинчи жумасы абдан кызыктуу, коомчулукта чуу жаратуучу кабарларга мол болду. Иш жумалыктын биринчи күнү Азербайжан бийлиги Адамкул Жунусовду экстрадициялоого макулдук бергендиги менен башталган.

Бакунун соту Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Адамкул Жунусовду камакка алуу жана экстрадициялоо боюнча чечим чыгарган. Учурда аны Кыргызстанга алып келүү маселеси чечилип жатат.

Ушул жылдын август айында "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча Жунусовго кылмыш иши козголуп, сыртынан айып коюлган эле. 18-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган.

Буга чейин кабарлангандай эле, Адамкул Жунусов 4-декабрда Бакуга Нью-Йорктон учуп келген учурда Гейдар Алиев атындагы аэропортто кармалган.

Бул окуядан кийин коомчулукта бажыдагы коррупция менен күрөш жана бажыдагы коррупционерлерге чара көрүлбөй жатат деген пикирлер айтыла башталган

Зилалиевдин миллиондору

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын (УКМК) кызматкерлери мыйзамсыз баюу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мурунку вице-перемьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин батирин тинтүүгө алышты.

Тинтүү маалында 2 млн. 900 миң сом жана 100 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражаттары жана белгилүү фирмалардын кымбат сааттары, зер буюмдар, күбөлүк табылган.

Ошондой эле Зилалиевдин “Ордо” VIP шаарчасында үйү, Бишкектин борборунда үч кеңсеси жана бир нече батири, Ысык-Көлдүн жээгинде эс алуу үйү бар экени аныкталган.

Андан тышкары, Зилалиевге таандык коммерциялык банктын бириндеги уячада 889 миң 900 доллар сактаган тууралуу видеотасма интернетке тараган. Тасмада кыз банк уячасынан акча алып, аны санап атайын капка салганын көрүүгө болот.

УКМКнын маалыматына ылайык, Зилалиев мамлекеттик кызматты ээлеп турганда бул акчаларды декларацияда көрсөткөн эмес. Каражаттарын 2018-жылдын сентябрь айына чейин коммерциялык банктардын филиалдарынын бириндеги банк уячасында сактаган.

Бирок видеону УКМК эмес, “Оптима Банктын” кызматкерлери тарабынан былтыр жайында эле тартылгандыгы белгилүү болду.

Бул боюнча аталган банк 12-декабрда билдирүү таратты. Банк ал тасма кардардын өзүнө гана берилгенин, анын Интернетке тарап кеткенине тиешеси жок экенин билдирди.

“Оптима Банктын” өкүлү Бакай Кадыров Зилалиевдин банктагы уячасы эмнеге ачылганын айтып берди. Анын айтуусунда банктын мыйзамына ылайык ижарасы төлөнбөгөн жана убактысы бүткөн банк уячасын бошотуу керек.

“Биз уячанын ичин бошотуп жатканда аны видеого тартып, эмне чыкты, канча каражат чыкты - баарын жазып туруп атайын башка капка салып, кардарды чакырып өткөрүп беребиз. Ошондой эле тасма кардардын гана өзүнө өткөрүлүп берет. Кандай себептен ал видео интернетке тарап кеткендигин мен билбей”, - дейт ал.

Бишкекте жол кире акысы көтөрүлбөйт

"Калаа мэри Азиз Суракматов жол кире акыны көтөрүү ниети жок. Тескерисинче жакын арада электрондук билет киргизүү пландары бар", – деп билдирди Бишкек мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев.

Анын маалыматы боюнча, электрондук билет турмуштун талабы. "Ошондо да тарифтер өзгөрбөйт. Биз жаңы технология менен коррупциялык элементтерди жок кылабыз".

Ошол эле мезгилде күйүүчү майдын баасы кыйла өсүүдө. Бүгүнкү күндө АИ92 бензиндин бир литри 43.70 сомду түзсө, АИ95 – 46.30 сомго чыккан.

Эксперттер белгилегендей, күйүүчү майдын өсүүсү жол жүрүү баасын көтөрүү маселесине алып келет. Анткени коомдук транспорт айдоочуларына жүргүнчүлөрү 10 сомго ташуу пайда алып келбей, көп айдоочулар жумуштан кетүүдө. Ошол себептен калаа мэриясына жана өкмөткө же күйүүчү майдын баасын туруктуу кармоо же жол жүрүү баасын көбөйтүү боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алуусу керек.

Бурулайдын иши: Айыпталуучу Бөдөшев 20 жылга соттолду

Бурулайдын өлүмү үчүн айыпталып жаткан Марс Бөдөшев үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратылды. Андан тышкары, айыпталуучу Бурулайдын үй-бүлөсүнө моралдык жана материалдык чыгым катары 800 миң сом төлөп бериши керек.

Бөдөшевдин жолдошу Акмат Сеитов 7 жылга эркинен ажыратылды.

Марс Бөдөшев сотто акыркы сөзүн айтып, 4-майдагы ала качууну мойнуна алган эмес. Андан тышкары, кырсык болгон 27-майда да кыздын өзү менен сүйлөшүп алып кеткенин айткан.

Өзүнүн акыркы сөзүндө айыпталуучу адилеттүү чечим чыгарып, Акмат Сеитовдун жазасын жеңилдетүүнү суранган. Сеитов дагы адилеттүү чечим чыгарууну суранган.

Эске салсак, 27-май күнү Турдаалы кызы Бурулай Марсбек аттуу жигит үйлөнүү максатында аны ала качууга экинчи ирет аракет кылган, бирок милиция аны кармап калууга үлгүргөн. Ошол күнү Бурулай Жайыл районунун ички иштер башкармалыгынын имаратында өлтүрүлгөн. 29 жаштагы Марсбек ага 3 жолу бычак сайып өлтүргөн.

Өкмөт: Жакын арада электр энергиянын тарифи өзгөрүлбөйт

"Электр энергиясынын баасын жогорулатуу маселеси өлкөнүн энергетика чөйрөсүн эффективдүү башкаруу маселеси чечилмейинче козголбойт", – деп кабарлады өкмөт аппаратынын жетекчисинин орун басары Мурат Мукамбетов.

Анын маалыматы боюнча, премьер-министрдин пикири ушундай. Электр энергияны тиешелүү саноо камсыз болушу керек. Калк башкаруу эффективдүү экендигин көрүшү керек, андан соң гана тариф маселесине кайтып келебиз.

Электр энергиясынын баасын көбөтүү Жогорку Кеңеште да талкууланып келген. Депутат Кожобек Рыспаев, парламент электр энергиясына болгон баанын жогорулашына каршы деп билдирген.

Ал эми өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин пландоо жана божомолдоо бөлүмүнүн жетекчиси Мирлан Дүйшөнбиев Бишкекте өткөн тегерек столдо “Электр энергиянын баасын жогорулатуу энергетика тармагына алынган карыздарды жабууга шарт түзөт”, - деп кабарлаган.

Анын айтуусунда, учурдагы тарифтер оңдоо жана модерназиялоо иштерин жүргүзүүгө мүмкүндүк бербейт. Бүгүнкү күндө орточо тариф 1 киловатт саат үчүн 36 тыйынды түзөт, ал эми электр энергиянын өздүк наркы 1 кВс- 1,60 тыйынды түзөт.

Азыр учурда, Кыргызстанда электр энергияны колдонууга лимит коюлуп, бир кВт саат 77 тыйынды тыйынды түзөт (эгер 700 кВт саатына чейин колдонулса), ал эми лимиттен ашса - бир кВт сааты 2,16 сом. Тоолу аймактарда лимиттин нормасы 1000 кВт сааты түзөт.

Экс-президенттердин кол тийбестик статусун алып салуу демилге колдоо тапты

Жогорку Кеӊеште “КР президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, депутаттар биринчи окууда жактырышты.

Демилгечилердин маалыматына караганда, мындан 15 жыл мурда бир адам үчүн чоң иммунитет берген мыйзамга экс-президенттин статусуна арналган “КР президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамдын 12-беренеси кирет. Бул ченем азыркы замандын талабына жооп бербейт.

Жаңы Конституцияда президент адам укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилдиги катары чыкпайт. Анын үй-бүлөсүн мамлекеттик камсыздоо жөнүндө ченем да жок.

Жогорку Кеңештин депутаттары ошондой эле мурунку мамлекет башчылары озүнүн президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин кайра саясатка аралашууну чечсе, анда “экс” статусунан айрылаарын да талкуулашкан.

Ал эми куулган эки президент Аскар Акаев жана Курманбек Бакиев кол тийбестик статуса ээ эмес, анткени алар куулуп кетирилгендиги да айтылган.

Бабановдун тагдыры

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн берген акыркы интервьюсунда Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш ишти токтотуу керек экендигин айткан.

Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иш тууралуу укук-коргоо органдарынын маалыматын угуудан баш тартышты.

Буга чейин “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Максат Сабиров парламенттин күн тартибине Бабановго козголгон кылмыш иши тууралуу маселени кароону киргизип, Башкы прокуратура жана УКМКнын маалыматын угууну сунуштаган. Бирок эл өкүлдөрү бул сунушту колдошкон жок.

Ал эми эл өкүлдөрү жана Бабановдун партиялаштары аны Кыргызстанга келиши керектигин айтып келишет.

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев белгилегендей, Бабановдун эч кандай күнөөсү жок жана ал Кыргызстандан өлкөнүн коопсуздугун жана элдин биримдигин сактоо максатында кеткен.

“Анын саясатка кайра кайтуусу тууралу айта албайм, бирок ал бүгүн болсо да өлкөгө кайтууга даяр. Кылмыш иши токтосо, ал сөзсүз келет”, - дейт депутат.

Эске сала кетсек, 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин Башкы прокуратура “Республика Ата-Журт” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановго конституциялык түзүмдү күч колдонуу менен өзгөртүү жана калкты улут аралык жана дин аралык чыр чатакка алып келчү чакырыктары үчүн козголгон. Ал президенттик шайлоо алдында Оштун “Амир-Тимур” кичимикрорайонунун элдери менен жолугуусундагы сүйлөгөн сөздөрү, чакырыктары тууралуу.

Президенттик шайлоодон кийин Бабанов Кыргызстандан чыгып кеткен. 2018-жылдын сентябрь айында УКМКнын башчысы Идрис Кадыркулов парламент отурумунда кылмыш иш токтотулгандыгын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий