• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Аптаптуу ысыкта кайсы азыктар кооптуу? Диетолог жооп берет

Дүр дүйнө 0

Күндүн ысыгында кофе, таттуу, туздуу жана сүрсүгөн тамактарды жебөө керек. Бул тууралуу SberZdorovye медициналык онлайн-сервисинин диетологу Маргарита Макуха билдиргенин Известия басылмасы жазып чыкты.

“Аталган азыктар суусунду кандырбай, тескерисинче, адамды суусатат. Мындан тышкары, бул азыктар организмдеги суунун азайышына алып келет. Ошондой эле ичеги-карынга терс таасирин тийгизип, иммунитетти төмөндөтөт жана аллергиялык реакцияларды пайда кылышы мүмкүн", - дейт диетолог.

Макуха ысыкта фастфуд сыяктуу майлуу тамактардан оолак болууга чакырат.

"Кофе жүрөк-кан тамыр системасынын иштешине кошумча күч келтирип, организмдеги суунун көлөмүн азайтат. Бул суусундук жүрөктүн кагышын күчөтөт", - деди дарыгер.

Белгилей кетсек, дарыгерлер сууну адамдын салмагына жараша ичүүнү сунуштайт. Алсак, бир килограмм салмакка болжол менен 30 миллилитр суу ичүү керек. Формула ден соолукта олуттуу көйгөйлөрү жок адамдар үчүн ылайыктуу экендиги айтылат. Адистер сөз жылуу жана бөлмө температурасындагы суу жөнүндө болуп жатканын белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий