• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түрдүү формадагы булочканы жасоо эң оңой

Дүр дүйнө 0


Мейман күтүп жатсаңыз же жөн гана үй-бүлөңүзгө даамдуу тамак даярдап берүүнү кааласаңыз, таттуу булочка жасап берүүгө болот. Ал үчүн эң жөнөкөй рецепти сунуштайбыз.

Курамы:

Ун – 3 чоң кашык + 4 стакан,

Кумшекер – 2 чоң кашык,

Дрожж – 50 грамм

Суу – 1,5 стакан

Өсүмдүк майы – 0,5 стакан

Ванилин жана туз татымына жараша.

Алды менен дрожжду жылуу сууга эзип алабыз.

Кумшекерди кошобуз.

Андан соң 3 чоң кашык ун кошулат.

Аралаштырып 15 мүнөткө калтырабыз.

15 мүнөттөн кийин калган ингредиенттерди кошобуз. Ошондой эле керек өлчөмдөгү ун кошуп аралаштырабыз.

Жогорудагыдай камыр даяр болот.

Аны сизге керектүү көлөмдөгү бөлүктөргө бөлүп, жайып алып, бетине кумшекерден себип ар түрдүү формадагы булочкаларды даярдайбыз. Аларды 180 градуска ысыган духовкада 20 мүнөт бышыруу керек. Булочка жылтырап турушу үчүн кумшекер сиробу менен ысык кезинде сүртүп, үстүн жаап коюу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий